Турул

Википедия дан
Таажы кийген Турул Буда чебинин чокусунда

Турул - мажар жана түрк элдеринин уламыштарында айтылган куш.

Мажар мифологиясында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гундардын Азиядан Евпропага көчүп кетиши тууралуу уламыштарда кезигет. Гун хандарын түпкү бабасы катары да айтылып, алгачкы мажар хандарынын дөөлөтү Турул аталган. Турулду алтай шумкары менен байланыштырган такталбаган божомолдор бар. Турул Жараткандын эрки жана анын кубаты менен байланыштырылат. Турул Аттиланын бабасы жана хундардын символу катары таанылган. Көп учурларда алоолонгон Теңирдин Кылычын (Атилланын Кылычы) алып келе жаткан жана таажы кийген элесинде берилет. Бул таажы Мажарлардын Ыйык Таажысына түз дал келбейт, бирок Атилланын таажысына окшойт. Атилла адатта Chronicon Pictum жана башка булактарда жазылып калгандай мажарлардын алгачкы ханы эсептелет.


Түрк мифологиясында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тугрул (түрк. Tugrul)(تغرل ) Махмуд_Кашгаринин "Дивану лугати т-турк" энциклопедиясында Думрул аталган кеңири таанымал алгыр куштардын бири катары берилген куштан келип чыгышы болжонот.