Туттугуу

Википедия дан
Туттугуу

Туттугуу (шейшеби бекүү) — зааранын токтоп (чыкпай) калышы.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ага эркектин ички жыныс безинин шишик оорусу (простата безинин аденомасы же рак), табарсыкта же заара каналында таштын пайда болушу, заара каналынын ичкериши, табарсык моюнчасынын катууланып (склероз) калышы түрткү болот. Борбордук нерв системасынын, айрыкча жүлүн ооруларында (шишик же жүлүн кырсыкка учурап, басылып калса) оорулуу заара ушата албай калат. Зааранын токтоп чыкпай калышы операциядан кийин да көп жолугат, бул нерв-рефлекстик түрдө болот, эки-үч күндөн кийин таркап кетет. Туттугуу эркектерде көп кездешет.

Түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зааранын чыкпай калышы эки түргө бөлүнөт: катуу кармап, такыр заара ушата албай калуу, өнөкөткө өткөн түрү — оорулуу кыйналып жатып заара ушатат, бирок табарсыкта 200—300 мм же андан көп сийдик калып калат. Заара канчалык табарсыкка көп кармалса, ошончо табарсыктын күчү кетип, түрдүү кабылдоолор, сезгенүүлөр бөйрөккө тарайт.

  • Катуу кармаган туттугууда сийдикти атайын түтүкчө (катетер) менен чыгарып, табарсыкты дары суюктук менен (фурациллин эритмеси) жууйт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо оорунун себептерине жараша, негизинен хирургиялык жол менен жүргүзүлөт. Өз учурундагы операция бөйрөктү түрдүү кабылдоодон сактап калат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8