Туурдук

Википедия дан

Боз үйдүн өрө кийизинин бир бөлүгү. Туурдуктун этек жагы жазы келип, ууктун билегине чейин жабуучу баш жагы кууш болот. Анткени, боз үй керегеден өткөндөн кийин улам жогорулаган сайын кууш болот. Ал — үйдүн кереге жабдуусу. Мунун узундугу 1,80—2 м дей, туурасы 4,5—5 метрдей бычылат, ал көбүнчө төрт бөлүктөн турат. Буга көбүнчө эчки менен топоздун кылтагынан кара-ак жип, кээде кызыл-ак жип эшиле жээктелет. Аны «туурдуктун жээги» дейт. Туурдуктун эшме, сызма, терме боолорунан эки башы уукка бекитилет. Ал боолордун учтары «төкмө чачыланат» же «топ чачыланат».

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)