Тынаев, Осмонкул

Википедия дан

Тынаев Осмонкул (1904, Күнгөй Ак-Суу болушу, азыркы Ысык-Көл району, Темир айылы — 1937, Бишкек) — Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери.

1913—16-ж. Сазановка орус-кыргыз башталгыч мектебинде окуган.
1916-жылкы Үркүндө ата-энеси менен Кытайга качкан.
1919—22-ж. 1-баскычтагы мектептин окуучусу, «Кошчу» союзунун уезддик комитетинин иш жүргүзүүчүсү.
1922— 23-ж. Комсомолдун Каракол уездкомунда жооптуу кызматтарда иштеген.
1923—27-ж. Москвада Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуган.
1927—29-ж. ВКП(б) Кыробкомдун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, партиянын Нарын райкомунун жооптуу катчысы, партиянын Кыробкомунун айыл жерлеринде иш жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстан Борбордук Аткаруу комитетинин алдындагы Жер-Суу талаш-тартышы боюнча Жогорку көзөмөл коллегиясынын төрагасы.
1930—31-ж. партиянын Ош округдук комитетинин жооптуу катчысы, Жалал-Абад райкомунун жооптуу катчысы.
1931-ж. партиянын Кыробкомунун 2-пленумунда сталинче коллективдештирүүгө каршы чыгып сүйлөгөн, ошондуктан ал «оңчул» деп күнөөлөнүп, анын жол-жобосу Кыргызстанда «тынаевщина» аталган.
1931—33-ж. Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинин аспиранты, 1933—37-ж. Кыргыз АССР агартуу эл комиссарынын орун басары, партиянын Каракол райкомунун жооптуу катчысы. Ак жеринен репрессияланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.