Тынымсеитова Жумакан

Википедия дан

Тынымсеитова Жумакан (1929 –1975) - акын.

Жумакан Тынымсеитова Нарын районуна караштуу Он-Арча айылында 1929-жылы туулган.
1943-жылы Нарын шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуп,
1945–1950-жж. Он-Арча айылында китепкананын башчысы болуп иштеген.
1951–1960-жж. «Тянь-Шань правдасы», «Жеңиш» гезиттеринде кызматкер,
1963-жылдан Нарын шаарындагы бала бакчада башчылык кызматын аткарды.
Ж.Тынымсеитова 1957-жылдан ыр жаза баштаган. Ошондон тарта ырлары облустук, борбордук гезит-журналдарга жарыяланып келген.
1961-жылы биринчи поэтикалык жыйнагы «Сыбызгы» деген ат менен жарык көргөн.
Чыгармалары орус тилине которулуп, 1968-жылы «Акыркы жолу-гушуу» аттуу пьесасы Тянь-Шань музыкалык драма театрына коюлган.
1963-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Адабият майданында сиңирген эмгеги үчүн Ж.Тынымсеитова В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Сыбызгы: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 133 б.

Нарын толкундары: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 35 б.

Жалкоо таранчы: Ырлар. Кенже балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмам-бас, 1963. – 23 б.

Соң-Көл дептери: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 101 б.

Алтын топчу: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 11 б.

Ыргактар: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 70 б.

Ата журт ыргактары: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 228 б.

Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 128 б.

Айга учуп барамын: Ырлар. – Б.: Адабият, 1991. – 20 б.

Жумакан. Тандалмалар. – Б.: Кыргызстан, 2000. – 375 б.