Түркий тилдери
Түркий тилдери - генетикалык жана типологиялык жалпы белгилер менен мүнөздөлгөн жакын тектеш тилдердин тобу, алтай тилдеринин уясындагы тил. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер КСРБ, Румыния, Түркия, Иран, Ооганстан, Моңголия, Кытай, Болгария, Югославия жана Албанияда жашайт.
Түркий тилиндеги негизги бөтөнчөлүктөр: үндүү тыбыштар таңдай жана эрин күүсү боюнча ээрчишет; ассимиляцияланат, сөз жасоо жана сөз өзгөртүү агглютинация жолу менен ишке ашат; род категориясы жок, предлог ордуна жандоочтор колдонулат; сүйлөмдө же сөз айкашында аныктооч аныкталгычтан мурда келет. Түрк тилдеринин алтай тилдерине мүнөздүү жалпылыкты сактаса да, өзүнө жакын тектеш тилдердин (Монгол, тунгус, манчжур) алда канча бөлүнүп чыккан. Өнүгүү процессинде өз алдынча диалектилер жана тилдер пайда болгон. Түрк тилдери төмөнкүдөй классификацияланат:
1) Огуз тилдеринин тобу. Огуз түркмөн топчосу (М.Кашгаринин эмгектери боюнча белгилүү Х-XI кк огуз тили; азыркы түркмөн жана түндүк Кавказдагы түркмөн тилдери);
2) Кыпчак тилдеринин тобу: азыркы татар жана башкырт тилдери, байыркы кыпчак тили, кумук, каракалпак, ногой, казак тилдери ж.б.
3) Карлук тобу:
3.1) карлук уйгур топчосу (караханийлер мамлекетинин тушундагы 10-11 кылымдагы жана андан кийинки жазма эстеликтердин тили);
4) Карлук-хорезм топчосу (байыркы өзбек тили, уйгур тилдери).
Түркий тилдерин жана анын орус тили менен карым – катышын иликтөө байыркы мезгилдерде эле болгон. Бирок түркий тилдери Орусияда жана чет өлкөлөрдө илимдин атайын обьектиси катары 19-кылымда гана изилдене баштаган.
Белгилүү түркологдорго: В.В.Радлов, П.М.Мелиоранский, Ф.Е.Корш, В.А.Богородицкий, Э.В.Севортян, М.Ресянен, Б.М.Юнусалиев, В.Томсендер кирет.
- Огуз группасы:
- Кыпчак группасы:
- Кыргыз-Алтай группасы:
- Сибирь группасы:
- Чагатай группасы:
* Огур тобу:
Түрк тили (тилдери) жөнүндө [оңдоо]
М. Кaшгaринин 1076-1077 -ж. жaзгaн "Түрк Тили Сөз Жыйнaгындa": Түрктөрдүн тилин үйрөнгүлө! Aнткени, aлaрдын шыбaгaсынa узaккa созулуучу биjлик бaр! деп Xaзрaты Муxaммед пaйгaмбaрыбыз кыямaт-кaйымдын белгилерин, aкыр зaмaндык козголоңдор буйруп ajткaн экен дегенин эшиткеним бaр дегени кызык[1].
Кошумча [оңдоо]
References [оңдоо]
- ↑ Кыргыз Тaрыxы, Кaлен Сидиковa. бишкек 2007 ж. б.318