Түр

Википедия дан
Түр жана түрлөр‎»‎ барагынан багытталды)
Кара карагат (уруу: Ribes, түр: nigrum).
Кызыл карагат (уруу: Ribes, түр: rubrum).

Түр - организмдер системасындагы негизги структуралык бирдик; алардын эволюциясындагы сапаттык этан.

Ал - органикалык дүйнөнүн ар кандай түзүлүш деңгээлдеринин (биосфера, биоценоз, популяция, организм, ткань, клетка ж. б.) бири, ошондой эле өсүмдүк, жаныбарлар жана микроорганизм систематикасындагы негизги таксономиялык бөлүм. Ар бир Түр жаратылышта тарыхый жол менен келип чыккан бир бутун нерсе (система) катары жашайт. Түр индивиддерден (айрым организмдер) турат, алардын закон ченемдүү тузулгон жыйындысы болуп саналат. Ар бир индивид өзүнүн жеке өзгөчөлүктөрү менен бирге Түргө тийиштуу жадны касиеттери менен мүнөздөлөт. Түр татаал ички түзүлүштөргө жана көп түрдүү табигый өзгөчөлүктөргө ээ. Анын эң жөнөкөй структурасын популяция түзөт, демек ал популяция формасында жашайт. Түрлөрдүн көп сандагы түрчөсү да бар. Өсүмдүк, жаныбарлар жана микроорганизмдин объективдуу жашаган формаларын ар тараптан изилдөө биологиядагы Түр жөнүндөгү түшүнүктүн түзүлүшүнө өбөлгө болду. Анын илимий негизин Ч. Дарвиндин эволюциялык теориясы түзгөнү менен ал дайыма өнүгүү жана өзгөрүү абалында турат. Түрлөр жаратылышта аралашпайт, себеби алар бири-бири менен тыгыз байланышта болуу менен бирге, бири биринен морфол., физиол., географиялык, экологиялык, генетикалык, биохим., биофиз., биокибернетикалык ж. б. белгилер менен айырмаланат.

Ар кайсы Түрлөрдүн өкүлдөрү эреже катары аргындашпайт. Бул же тигил Түрдүн жаратылышта ээлеп турган белгилуу ареалы болот. Ар бир Түргө сан жана формасы боюнча айырмаланган хромосома составы мүнөздүү. Өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин кайсы Түргө таандык экенин билуу үчүн кандайдыр бир гана Түрдүк белгини алуу менен чектелбестен, жыйындысын пайдалануу керек. Адабияттарда Түр жөнүндө көп сандаган аныктамалар кездешет, бирок алар - салыштырмалуу чындык, себеби бул илимий түшүнүктүн мазмуну мындан ары да такталып, жаңы маалыматтар менен байышы шексиз.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4