Төкөлдөш, айыл

Википедия дан
Төкөлдөш‎»‎ барагынан багытталды)

Төкөлдөш, айыл - мурдагы Бишкектин түндүк-чыгыш чет жакасындагы кыштак.

Бул айыл кийинчерээк Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин ичине кирип калды.

Төкөлдөш айылынан кыргыздын далай чыгаан инсандары чыккан.

Алардын арасында "Төкөлдөштүн" төрт кызы" атыккан өнөрпоз айымдар да бар.

Кыргыз көркөм өнөрүнө зор эмгек сиңирген бул айымдар - КСРБнин эл артисттери Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова жана Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева.

Аларсыз ХХ кылымдагы кыргыз өнөрүн эч элестете албайбыз.

"Төкөлдөш" сөзүнүн келип чыгышы жаатында бир катар жоромолдор бар.

Аны кишинин, чакан уруктун аталышы менен байланыштыргандар да бар.


Адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фрунзе. Энциклопедия. 1983.

Чүй дубаны. Энциклопедия. Бишкек, 1995.

Интернеттеги шилтеме:[түзөтүү | булагын түзөтүү]