Төлөмүш Океев

Википедия дан

Төлөмүш Океев (1935 - 2001) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру.

Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу чакан айылда (азыркы Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагынын аймагында) туулган.

1958-жылы Ленинграддагы кино жана көркөм өнөр институтунун (ЛИКИ) электр техникасы факультетинде үн оператор бөлүмүн аяктаган.

Оболу Кыргызфилм студиясында үн оператор болуп иштеген. "Аптап" сыяктуу тасмалардын үн оператору болгон.

1966-жылы жогорку режиссердук курсту аяктаган.

Бир катар көркөм тасмалары үчүн аны ХХ кылымдагы кыргыз кино өнөрүнүн туу чокусун түзгөн чыгаан кинорежиссерлордун төл башы катары баалашат. Анын чыгаан шериктеринин арасында Болот Шамшиев, Дооронбек Садырбаев жана башка кыргыз режиссерлору бар.

1985-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.

Даңазалуу кыргыз парламентинин депутаты (1990-1994) болгон.

1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп иштеген, кийинчерээк ТүркСОЙдогу кыргыз өкүлү болуп иштеди.

2001-жылы 18-декабрда Анкара шаарында оорудан каза болду.


Сыйлыктары

Кыргызстан Ленин Комсомолунун сыйлыгынын ээси (1967).

Кыргызстан Мамлекеттик сыйлыгынын ээси (1972).


Эмгектери

Режиссердук эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1986- Махабат дастаны (Миражи любви)
  • 1984 Кожожаш (Потомок белого барса)
  • 1980 Алтын күз (Золотая осень)
  • 1977 Улан (Улан)
  • 1975 Кызыл алма (Красное яблоко)
  • 1973 Көк серек (Лютый)
  • 1971 Уркуя (Поклонись огню)
  • 1966 Бакайдын жайыты (Небо нашего детства)

Кино сценарист катары катышкан эмгектери

  • 1990 Деңиз бойлоп жорткон ала дөбөт (Пегий пес, бегущий краем моря (Германия, СССР)
  • 1988 Куугунтук (Преследование)
  • 1986 Махабат дастаны (Миражи любви)
  • 1984 Кожожаш (Потомок белого барса)
  • 1977 Улан (Улан)
  • 1975 Кызыл алма (Красное яблоко)
  • 1971 Уркуя (Поклонись огню)
  • 1966 Бакайдын жайыты (Небо нашего детства)


Китептери:

  • «Крылатое искусство» (1967, Фрунзе: «Кыргызстан»).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]