Төлөм тапшырмасы

Википедия дан


Төлөм тапшырмасы — банк эсебиндеги каражаттардын эсебинен (эгер келишимде башкача каралбаса), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын каралган мөөнөттүн ичинде көрсөтүлгөн ошол эле банктагы же дагы башка кредиттик-каржы мекемесиндеги алуучунун эсебине белгилүү бир акча өлчөмүн которгон төлөөчүнүн тапшырмасы боюнча банк милдеттенме ала турган төлөм документи.


Ар бир өлкөдө, төлөм тапшырмасынын формасы өзгөчөлөнөт жана өкмөт тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасында төлөм тапшырмасынын бирдейлештирилген формасы жана аны толтуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы N 36/5 токтому менен бекитилген «Төлөм документтерин толтуруу эрежелери жөнүндө Нускоодо» бекитилген:

Төлөм тапшырмаларынын өңчөйлөштүрүлгөн формасынын реквизиттеринин маанисин толтуруу ТАРТИБИ:

N Аталышы Тилке боюнча түшүнүк берүү
1 Төлөм тапшырмасы Төлөм документинин аталышы
2 N Документтин иреттик номери көрсөтүлөт
3 Күнү Төлөм тапшырмасын түзүү күнү көрсөтүлөт. Жылы, күнү айы цифралар менен (ЖЖЖЖ.КК.АА форматында) же жыл (толук) жана число араб цифрасы, айы жазуу менен.
4 Жөнөтүү ыкмасы Почта же телеграф тарабынан төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга берилген төлөм тапшырмаларында тиешелүүлүгүнө жараша "почта" же "телеграф" менен деген белги коюлат. Башка учурларда тилке толтурулбайт.
5 Форманын коду "Башкаруу документацияларынын мамлекеттик классификаторуна" ылайык төлөм документинин формасынын коду көрсөтүлөт. Төлөм тапшырмасынын бланкын даярдоодо автоматтуу коюлат.
6 Эсептешүү күнү "Күнү" тилкеси боюнча белгиленген эрежелер боюнча төлөөчүнүн кардарынын эсебинен акча каражаттарын төлөөчү банк тарабынан алып салуу күнүкөрсөтүлөт. Мында эсептөө күнү төлөм тапшырмасын түзүү күнүнөн беш күнгө ашпоого тийиш.
7 Төлөөчү "Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосуна" ылайык каражаттарды төлөөчүнүн аталышы көрсөтүлөт. "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө" Жободо бекитилген жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол берилет (АК, ЖЧК ж.б.), Эгерде төлөөчү жеке адам болсо анын аты-жөнү көрсөтүлөт.
8 ОКПО Төлөөчүнүн идентификациялык коду Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторуна ылайык көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүзөгө ашырып жатышкан жеке адамдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдары тарабынан ыйгарылат.
9 ИНН Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-февралындагы N 104 "Салык төөлөчүнүн экономикалык ишти жүзөгө ашырууда идентификациялык салык номерин колдонуу жөнүндө" токтомуна ылайык салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (14 белги) көрсөтүлөт эгерде ыйгарылган болсо.
Кыргыз Республикасынын аймагында экономикалык ишкердикти жүзөгө ашырып жатышкан бардык юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан милдеттүү түрдө толтурулууга тийиш.
10 Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун каттоо N Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун каттоо номери (юридикалык жак үчүн), идентификациялык номери (жеке адамдар) көрсөтүлөт.
Социалдык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөөдө милдеттүү түрдө толтуруу зарыл.
11 Төлөөчү банк "Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосуна" ылайык төлөөчүнүн банкынын аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Банктын уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет.
12 Дебет эсеп N Төлөөчүнүн банктагы эсебинин номери көрсөтүлөт.
13 БИК Төлөөчүнүн банкынын БИК (банктык идентификациялык код) көрсөтүлөт.
14 Алуучу "Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосуна" ылайык каражаттарды алуучунун аталышы көрсөтүлөт."Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө" Жободо бекитилген жалпы кабыл алынган кыскартууларга жол берилет (АК, ААК ж.б.).
15 Кредит Эсеп N / Эсеп N Алуучунун банктагы эсебинин номери көрсөтүлөт. Акчаларды которууда же алуучунун субэсебинде бар учурда банктын тиешелүү белгилерин алардын экинчисине коюуну камсыз кылуу максатында эки тилке каралган.
16 Алуучу банк "Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик каттоосуна" ылайык алуучу банктын аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Банктын уставында бекитилген кыскартууларга жол берилет.
17 БИК Алуучу банктын БИК (банктык идентификациялык код) көрсөтүлөт.
18 Сумма жазуу менен Төлөмдүн суммасы сом менен саптын башынан тартып баш тамга аркылуу жазылат, мында "сом" деген ("сомдор", "сомдун") сөз кыскартылбайт, тыйындар цифра менен көрсөтүлөт, "тыйын" ("тыйындар", "тыйындардын") деген сөз дагы кыскартылбайт. Эгерде төлөмдүн суммасы бүтүндөй сомдор менен берилсе, анда тыйындарды көрсөтпөй коюуга болот.
19 Сумма Төлөмдүн суммасы сумма менен көрсөтүлөт, сомдор тыйындардан тире "-" белгиси менен бөлүнүп коюлат. Эгерде төлөмдүн суммасы бүтүндөй сом түрүндөгү жазуу менен туюндурулса, анда бул тилкеде төлөмдүн суммасы сом менен цифра түрүндө жана "-" белгиси коюлат.
20 Төлөмдүн коду Бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун ылайык төлөм коду көрсөтүлөт.
21 Төлөм багыты Төлөмдүн багыты, товардын аталышы, аткарылган иштер, жүзөгө ашырылган кызмат көрсөтүүлөр, товардык документтердин, келишимдердин номери жана күнү, салыктар, ошондой эле тиешелүү башка маалыматтар көрсөтүлөт.
22 М.О. Төлөөчү тарабынан белгиленген үлгүгө ылайык төлөөчүнүн мөөрүнүн оттиски мөөр ордуна коюлат.
23 Колтамга Төөлөчү тарабынан белгиленген үлгүгө ылайык төлөөчүнүн финансылык документтерге колтамга коюуга ыйгарым укуктуу болгон адамынын (адамдарынын) колтамгалары.
24 Төлөөчү банктын белгилери Төлөмдүн өткөрүлгөндүгүн тастыктоо үчүн күнү, банктын кызматкеринин колтамгасы жана төлөөчү банктын штампы коюулат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7