Төлөм тапшырма-эсеби

Википедия дан

Төлөм тапшырма-эсеби – алуучунун эсебине карата төлөөчүнүн берилген (жүктөлгөн) товарлар, жасалган жумуштар, тейлөө кызматы көрсөтүлгөндүгү үчүн, ошондой эле дагы башка төлөмдөр боюнча банкка кат жүзүндө таризделген алыш-бериш документтеринин бир түрү. Т. т. э-нин негизги дарек каттары: аткарымдардын мүнөзү менен мазмуну, датасы менен өлчөмү, алыш-бериш катышуучуларынын аталышы менен номуру; алыш-бериш акча документтерине кол коюуга укугу бар жактардын колтамгасы түшүрүлө турган банк мекемелеринин аты, мөөр көчүрмөсү. Төлөөчүнүн бир эсебинен бир эле маалда бирнече алуучуга каражат которууда, адатта, кошунду тапшырма түзүлөт. Товар жана тейлөө кызматынын акысы үчүн төлөмдөрдөн сырткары, Т. т. э. товарлаштырылбаган аткарымдар боюнча каражат төлөө, каржы милдеттенмелери (бюджетке, социалдык камсыздандыруу органдарына), кредитордук карыздарды жоюу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]