Төрөкул Дооров

Википедия дан
Торокул Дооров

Төрөкул Дооров - "Эркин Европа, Азаттык" радиосунун Казак редакциясынын директору. "Азаттыкка" ал 2002-жылы Москвадагы кабарчы катары келген.

Азаттык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-2009-жылдары Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору кызматын аркалаган.

2009-2014 "Азаттыктын" борбордук офисинде журналист болуп иштеген.

2014-жылдан бери "Азаттыктын" казак редакциясын жетектеп келатат.

КТРК[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1999-2001-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Телерадио Корпорациясында (азыр КТРК) "Баластан" студиясында, кийинчерээк "Ала-Тоо" маалымат программасында кабарчы жана алып баруучу болуп иштеген.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1998-жылы Торокул Дооров Кыргыз Улуттук Университетинин Журналистика факультетине тапшырат. 2001-жылы Москва Мамлекеттик Университетине (МГУ) которулган.

2004-жылы Москва Мамлекеттик Универстиетинин Журналистика факультетин аяктаган.[1] Үй-бүлөлүү, үч перзенти бар.

Айрым эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төрөкул Дооров Азаттык радиосунда бир нече автордук программаларды киргизген. Алардын ичинде "Данисте" берүүсү азырга чейин обого чыгууда. Башында ал радио-документалистикага негизделген программа катары башталып, маселен, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактын ортосунда калган Ак-Сай айылы, Москвадагы мигранттардын экинчи үй-бүлө күтүп жашашканы өңдүү бир топ саясий, социалдык жана манадий проблемаларды көтөргөн.

2021-жылдын 28-апрелинде Баткен обсулунун баткен жана Лейлек райондорунда кайрадан тажик аскерлери менен ок атышуу болуп, анын масштабы эгемендик жылдарында болуп көрбөгөн деңгээлге чыгат. Ошол окуяларда Төрөкул Дооров Лейлек районунун бир нече жабыр тарткан айылдарын, алардын ичинде Максат, Кулунду, Арка, Интернационал айылдарын кыдырып чыгат жана бир нече даректүү эмгектерди чыгарат.

Маектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2022-жылдын январь айында Казакстанда болгон кандуу окуялар тууралуу АКШдагы Си-Эн-Эн (CNN) телеканалына кырдаал тууралуу маалымат берди.

Январдагы кайгылуу окуялар тууралуу Төрөкул Дооров маектерди Al-Jazeera, TRT-World, Guardian, TimesRadio, Дождь телеканалы, GBNews TV UK, Czech Public RadioAntena 3 Romania, The World Public Radio, сыяктуу маалымат каражаттарында сүйлөгөн.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. http://www.azattyk.kg/author/19933.html