Төрөт үйү

Википедия дан

Төрөт үйү — боюнда бар кезде, төрөт маалында, төрөттөн кийинки мезгилде жана гинекологиялык ооруларда стационардык же амбулаториялык адистештирилген медициналык жардам берүүчү, ошондой эле ымыркай балдарды багып, аларга медициналык жардам көрсөтүүчү мекеме.

Бишкек шаарындагы № 4 төрөт үйүнүн сырткы көрүнүшү.


Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төрөт үйүнүн курамына стационар жана аялдар консультациясы кирет. Төрөт үйү жаңы төрөлгөн балдардын өсүүсүнө байкоо жүргүзүү максатында балдар поликлиникасы менен тыгыз байланышта иштейт. Оорулуу аялга акушер-гинекологиялык тез жана шашылыш жардам көрсөтүү анын жашаган жерине карабастан жүргүзүлөт. Төрөт үйүндө санитария-гигиеналык режим так сакталууга тийиш. Андыктан төрөй турган аял төрөт үйүнө келери менен санитариялык кароодон өткөрүлөт. Артерия кан басымы, дене температурасы өлчөнүп, кыскача анамнез толтурулат. Мында төрөй турган аял медициналык персоналдын кароосунда болот. Төрөт залында төрөгөн аял 2 саат жатат. Анан төрөттөн кийинки палатага жаткырылат. Төрөт үйүндө болуу мөөнөтү төрөгөн аялдын жана ымыркайдын ден соолугуна жараша болот, кара Эне жана баланы коргоо, Төрөткө жардам берүү.

Жасалма жол менен уруктандыруу - баласыз жубайлардын миллиондогон ата-кетишине жол тукумсуздук менен мамиле кыйла натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Экстракорпоралдык уруктандыруу биринчи аялдардын табигый психологиялык айлампасынын болуп өттү.[1]

Жазуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Табигый айланып калган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8