Угузуучу аппараттар

Википедия дан
Угузуучу аппараттар (солдон оңго): чач кыпчыткыч түрүндөгү: чөнтөккө салып жүрүүчү; жогору оң жагында кулак тыгыны түрүндөгү; көз айнек түрүндөгү аппараттар.

Угузуучу аппараттаругууну жакшыртуу максатында сырттан үндү кабыл алып, күчөтүп угузуучу түзүлүштөр.
Ал кулак өтө начар же такыр укпай калганда колдонулат. Аппарат микрофон, электр термелүүсүн күчөткүч, телефон жана электр булагынан турат. Микрофон үн термелүүсүн кабыл алып, аны электр термелүүсүнө айлантат. Күчөткүчтө бул термелүүлөр керектүү өлчөмгө чейин күчөтүлүп, телефонго берилет, андан кайра үн термелүүлөргө айланат. Телефон үндү аба аркылуу өткөрүү үчүн сырткы кулакка коюлуучу кепилге, ал эми түздөн-түз сөөк аркылуу өткөрүү үчүн кулактын артына орнотулат.
Анын чөнтөккө салып жүрүүгө ылайыкталган, кулактын артына кыстарылуучу, көз айнек сыяктуу, кулакка коюлуучу кепил жана башкалар түрлөрү бар. Угузуучу аппараттар сүйлөөнү гана күчөтпөстөн айлана-чөйрөдөгү башка үндөрдү да күчөтүп угузат. Ошондуктан аппаратка акырындап көнүгүү керек. Эгерде аппарат бузук болуп кошумча тырсылдаган, шуулдаган үн чыкса, тез чарчап, башы ооруса, кулагы чуулдаса тезинен врачка кайрылуу зарыл. Аппарат атайын врачтын сунушу менен протездөө пунктунда тандалат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8