Укук коргоо органдары
Укук коргоо органдары – КРде негизги милдеттери мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү болуп саналган мамлекеттик органдар. У. к. о-на: соттор, прокуратура, ички иштер, бажы көзөмөл, каржы, полиция, юстиция органдары кирет. Кеңири маанисинде «У. к. о.» түшүнүгү дагы бир катар мамлекеттик эмес институттарды: адвокатураны, бейтарап сотторду ж. б. камтыйт. У. к. о-нын уюштурулушу жана иштери – окшош аталыштагы юридикалык окуу сабагынын жана укук таануу тармагынын предмети.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
мржчлоиоиьл