Умбриэль (планета жандоочусу)

Википедия дан
Умбриэль - Урандын жандоочусу

Умбриэль (Umbriel) – Урандын табигый жандоочусу.

Аны англиялык астроном У. Лассел 1851-жылы ачкан. Уранга чейинки аралыгы 267 миң км, диаметри 1200 кмдей, тыгыздыгы 1400 кг/м³.

Айлануунун синодикалык мезгили 4 сутка 3 с 29 мин. Урандын Умбриэльден башка 4 жандоочусу бар. Булардын орбита бонча айлануу тегиздиги өз ара бири бирине дал келет. Уран бүт жандоочулары менен башка планеталардан өзгөчөлөнүп жантайыңкы – анын тегиздиги бүткүл планеталардын орточо тегиздигине перпендикуляр абалда турат.

Кошумча макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов