Унурова Чынар Сабыркуловна

Википедия дан

Акын Чынар Унурова Чүй районунун Кегети айылында 1949-жылы 1-январда туулган. Айылдык орто мектебин аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1972-жылы «Мектеп» басмасында редактор болуп иштөө менен баштаган. 1974-жылдан Кыргыз Республикасынын телерадиокорпорациясында журналист катары иштеп келет.
1973-жылы «Мектеп» басмасынан алгачкы «Наристе» ырлар жыйнагы чыккан.
1979-жылдан Журналисттер союзунун, 1985-жылдан Жазуучулар сою-зунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Наристе: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 27 б.

Бешик той: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1985. – 47 б.

Теребел: Ырлар. – Нарын шаардык типографиясы, 1992. – 119 б.