Урманбетов, Карыбай

Википедия дан
Урманбетов Карыбай.

Урманбетов Карыбай (1934-2016, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айлы) — физик, физика-математика илимдеринин кандидаты (1970). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (технологиялык процесстерде эки агымдагы плазматронду иштеп чыгып, изилдеп жана колдонгондугу үчүн, 1992).

1957-ж. КМУнун физика-математика факультетин бүткөн.
1957—58-ж. Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз орто мектебинде мугалим, 1958— 61-ж. Кыргызстан ИАнын аспиранты, 1961-жылдан ИАнын Физика-математика институтунда кенже, 1973-жылдан улук илимий кызматкер.
50дөн ашык илимий эмгектин жана ойлоп чыгаруулардын автору. Негизги эмгектери «Плазматрондорду спектрдик анализде колдонууга» багытталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.