Урманбетов Кыялбек

Википедия дан

Акын Кыялбек Урманбетов Фрунзе шаарында 1959-жылы туулган. 1981-жылы КМУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. 1981–1986-жж. Кыргыз Мамлекеттик телерадио комитетинин жаштар редакциясы бөлүмүндө редактор, 1986–1987-жж. «Кыргызфильм» киностудиясында мультфильмдер боюнча топтун редактору, 1990–1993-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде кабарчы, 1993–1999-жж. музыкалык гезитте жана «Кербез» журналында редактор, ошондой эле «Аргумент» гезитинде редактор болгон жана «Жетиген» адабий журналында, «Алас» республикалык гезитинде иштеген.
Эң алгачкы ыры «Мышыгым» деген ат менен республикалык «Кыргызстан пионери» гезитине 1969-жылы жарыяланган.
Кыргыз өнөр дүйнөсүндө эң биринчи мюзиклди – «Махабат жылды-зын» жараткан. Жүздөн ашык обондуу ырлардын автору.
1988-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.
1997-жылы ЮНЕСКО тарабынан Вена шаарында уюштурулган балдар адабиятынын эл аралык семинарына катышкан. Республикалык чыгармачыл жаштар фестивалдарынын бир нече жолку лауреаты. 2000-жылы Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты, 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наам ыйгарылган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Балапан: Балдар үчүн ырлар жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1981. – 15 б.

Көл-эне: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 80 б.

Айдагы кыз: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Адабият, 1989. – 16 б.