Урология

Википедия дан
Урология

Урология (грек тилинен οὖρον — заара жана -λογία — окуу, илим) — клиникалык медицинанын сийдик бөлүп чыгаруучу органдардын жана эркектин жыныс органдарынын ооруларын, алардын пайда болуу себептерин жана диагнозун коюу, дарылоо, алдын алуу методдорун изилдөөчү тармагы.

Урология - хирургиянын бир бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан нефрологиядан айрымаланып негизги сийдик бөлүп чыгуучу органдардын оорулардын өзүнө камтыйт.
Ал хирургиядан 20-кылымда бөлүнгөн. Азыркы урологиянын актуалдуу проблемаларынын бири — пиелонефрит, сийдик жолдорунун таш оорусу жана шишиги, бөйрөк ишинин начарлашы жана башкалар.

Урологияга тийиштүү ооруулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уролог[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Урологсийдик бөлүп чыгаруучу органдардын жана эркектин жыныс органдарынын ооруларын дарылоо, диагноз коюу жана алдын алуу боюнча даярдалган адис- врач.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8