Уук

Википедия дан

Уук жыгачы түндүк менен керегени бириктирет. Орточо алганда ууктун алаканынын (билеги) керегеге байлануучу жагынын узундугу 45—55—47—57 см, эни 2—35, 2,2—36 мм келет. Анын аягында көзөнөкчөсүндө «уук боосу» болот. Уук керегеге ошону менен байланып бекийт. Уук учу 2,2—2,5 см төрт кыр учталат. Ууктун жалпы узундугу орточо 2,5—3 метрдей келет. Боз үйдүн башкы босогосунан (босого жыгачтан) үстүнө төрт кыска эшик уук сайылат. Керегенин жайылышы аркылуу боз үйдүн көлөмү менен көркү аныкталат.
Уук ийүүдө да чен бирдиктери так сакталат. Эгер 75 баштуу үй болсо ууктун узундугу үч метр, 65 баштуусунуку 2,8 метр, 55 баштуунуку, 2,6 метр болот. Мында ууктардын жоон-ичкелиги бирдей келет. Анын түп жагынын жоондугу — 16 см ге, баш жагы 8 см ге барабар. Ууктун алаканынын жазылыгы төрт см, узундугу 70 см, ошондо алаканга сегиз сай чыгат. Ууктун башынан уук жип байлоочу тешигине чейин сегиз-он см болот да, уук учунаЭО0 кыйгач кесип, керегенин сырткы капталына-билегине такалат. Ал канат чийди тиреп жыртпайт, уук ылдый кетпейт.

Илгери уукту билегине карата чуңкур казып, ошого коюп, үстүнө таш бастыруучу. Керегелик жыгачты да жерге казып жөлөөчү. Ал көптө барып кургаган. Кургагандан кийин аны бирден алып, кыргыга койгон. (Ат-Башыда ченөөчү жыгачты «бакшы жыгач» — дейт. Ошо менен өлчөп, кереге көктөлөт. Көктөн чыкканда бир аз карайып калган жыгач тарткы аркылуу агартылат.)

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)