Уюм

Википедия дан

Уюм – укук субъектиси болуп эсептелишкен 2 же андан көп адамдын бирикмеси. Юридикалык жак мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурда У. укугуна ээ боло алат. Эгер мында У. мүчөлөрү мыйзам бузушпаса юридикалык жактык укуктун жогунун өзү У-дун ишине тоскоол болбойт, КР жарандык мыйзамдарында «У» аталгысы көп учурда «юридикалык жак» түшүнүгүнүн түгөйлөшү катары колдонулат. Салык мыйзамдарында У. дегенде КР мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жак, ошондой эле четөлкөлүк юридикалык жак жана башка жарандык укук жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болгон жана чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн уюмдар, эларалык уюмдар, алардын филиалдары жана алардын КР аймагында түзүлгөн өкүлчүлүктөрү түшүнүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]