Фантастикалык жаныбарлар жана алар кайда жашашат?

Википедия дан

"Фантастикалык жаныбарлар жана алар кайда жашашат?" (англ. Fantastic Beasts and Where to Find Them, орус. Фантастические твари и где они обитают, өзб. Fantastik Maxluqlar) — Дэвид Йейтс режиссерслук кылган 2016-жылдагы фантастикалык тасма. Warner Bros. Pictures компаниясы тасманы жайылткан. "Гарри Поттер" сериясынын спин-оффу болгон тасманын продюсери жана сценарийин жазган Жоан Кэтлин Роулинг. Бул Роулингдин өзүнүн эле ушул аталыштагы китебинен эргүү алып жазган алгачкы сценарийи. Тасма 1926-жылдагы Нү-Йоркто болгон окуяларага жетелейт. Эдди Редмэйн Ньют Скамандердин ролун ойносо, Дэн Фоглер, Элисон Судол, Эзра Миллер, Саманта Мортон, Жон Войт, Кармен Эжого, Рон Перлман жана Колин Фаррелл экинчи пландагы образдарды жаратышкан. Бул "Фантастикалык жаныбарлар" сериясындагы алгачкы тасма жана ошондой эле "Гарри Поттер" фильмдери менен башталган франшиза жалпы жонунан алганда Ж. К. Роулингдин "Сыйкырчылар дүйнөсүндөгү" тогузунчу кино болуп саналат.

Тасма тартуу иштери Англиянын Ливсден жергесиндеги Warner Bros. Studios компаниясында 2015-жылдын августунда башталып, 2016-жылдын январында аяктаган. "Фантастикалык жаныбарлар жана алар кайда жашашат?" тасмасынын премьерасы Нү-Йорк шаарында 2016-жылдын 10-ноябрында болуп өткөн. Ал эми дүйнө жүзүндө 3D, IMAX 4K Laser жана башка чоңураак форматтарда бир аптадан кийин, 18-ноябрда көрсөтүлө баштаган. Тасма киносынчылардын оң баасына татып, жалпы 814 млн доллар топтоп 2016-жылдагы эң көп киреше алып келген тасмалардын сегизинчиси болуп калган.

Тасма Британия киноакадемиясынын (БАФТА) беш сыйлыгына көрсөтүлүп, "Эң мыкты сүрөтчү-коюучунун иши" номинациясын утуп алган. Андан тышкары Оскарга эки номинация боюнча көрсөтүлүп, "Эң мыкты костюмдардын дизайны" боюнча жеңишке жеткен. Бул өз кезегинде Ж. К. Роулингдин "Сыйкырчылар дүйнөсүндөгү" Оскарга татыган эң алгачкы тасмасы болуп калган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]