Фаянс

Википедия дан

Фаянс – майда көзөнөктүү керамикалык материал. Андан даярдалган буюмдар жеңил эрүүчү глазурь менен жабылат. Фарфор курамы 83 % чейин чопо менен каолинден жана жеңил эрүүчү кошундулар аз санынан тургандыгы менен айырмаланат. Талаа шпаттык (же катуу) Ф. 60 % чопо жана каолин, 30-36 % кварц, 3-5 % талаа шпатынан турат. Чополуу Ф. 83 % менен чоподон ал эми калган бөлүгү кварц куму же күйгүзүлгөн кварцтан турат да, мех. бышыктыгы төмөн болот. Акиташтуу Ф. 30-35 % чополуу материал 30-40 % кварц жана 5-20 % бор же доломиттен турат. Ф. Бул түрү глазурда жарыкты пайда кылууга жөндөмдүү келет. Курамында 10 % талаа шпаты бар. Ф. жарым фарфор деп аталат. Ф. фарфорду алуу технологиясы боюнча алынат: 1) 1250-12800С 2) глазурь менен жапкандан кийин 1050-11500С. Талаа шпаттык Ф. идиш, плитка архитектуралык деталдар, көркөм буюмдар; жарым фарфордон санитардык-техникалык буюмдар даярдалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]