Филогенез

Википедия дан

Филогенез (гр. phyle – уруу, урук) – 1866-жылы Геккел тарабынан организмдердин тарыхый, уруулук, индивидуалдык өнүгүшүн билгизген термин. Жандуу жаратылыштын өнүгүү процессинде филогенез онтогенез менен тыгыз байланыштуу. Онтогенездин катмарында Филогенез жаралган. Филогенез менен онтогенездин биримдүүлүгүнүн идеясын Дарвин, Геккел, Мичурин жакташкан.

Филогенез медицинада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Филогенез медицинада — жандуу табияттын жана аны түзүүчү организмдердин өзүнчө топторунун тарыхый өөрчүү процесси. Филогенезди жана анын закон ченемин филогенетика (биология илиминин бөлүмү) изилдейт. Филогенез жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, микроорганизмдердин эволюциялык өөрчүшүн жана алардын түпкү тегинин пайда болуусун изилдеп, ошондой эле туугандык байланыштарын аныктайт. Филогенездин илимий негизин Ч. Дарвиндин эволюциялык окуусу түзөт. Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн филогенезинин схемасын «бутактаган дарак» менен салыштырса болот: негизги сабагы тиричиликтин алгачкы формасы болсо, бутактары анын кийинки көп сандаган татаалданган түрлөрү болуп эсептелет. Ар бир организм онтогенезде кыскача филогенезди кайталайт. Онтогенез менен филогенез тыгыз байланыштуу жана бир-бирине көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Илим (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8