Философиялык антропология

Википедия дан

Философиялык антропология - кең маанисинде адамдардын жаратылышы жөнүндөгү философиялык окуу; тар маанисинде – 20-кылымдын биринчи жарымындагы Батыш Европадагы немис философиясынын агымы.

Антропология немистик буржуазиялык агым катары, ошол кездеги батыш Европа философиясына жалпы болгон «антропологиялык бурулушта» 20 кылымда пайда болгон жана жашоонун философия идеясына (Дильтей) жана феноменологияга (Гессерль ж. б.) таянган.

Философиялык антропология – бул баарынан мурда философиялык билимдин өз алдынча чөйрөсү. Философиялык антропология изилдөөлөрдү атайын бөлүү идеясы 18-кылымда жаралган. Философиялык антропология философиялык билимдин салттык чөйрөлөрү логикага, таанып-билүү теориясына, этикага, эстетикага, философиянын тарыхына карама-каршы турат. М. Шелер өзүнүн «космостогу адамдын абалы» деген эмгегинде (1928) адам жөнүндө илимди түзүү маселесин коёт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004, ISBN 9967-14020-8.