Философиянын маселелери (журнал)

Википедия дан
Философиянын маселелери.

Философиянын маселелери – СССР ИАнын философия институтунун илимий журналы. 1947-жылы августунан баштап Москвадан басылып чыгат. Журналдын мезгилдүүлүгү: 1947-жылы тартып – 3 жолу, 1951 – 6 жолу, 1958-жылы баштап – жылына 12 жолу. Совет доорунда журналда диалектикалык жана тарыхый материализмдин, социализмди куруу жана илимий коммунизмдин теориясынын маселелери боюнча макалалар жарыялануучу; социология, философиянын тарыхы, атеизм, этика, эстетика, маданияттын, логиканын өнүгүүсүнө, табият таануудагы ачылыштар менен байланыштуу коомдук өзгөрүүлөрдүн актуалдуу маселелерин философиялык жалпылоо жүргүзүлчү; ошол учурдагы марксисттик эмес философиянын жана социологиянын негизги теорияларын, агымдарын сындоо иш-чаралары жүргүзүлүчү Маркска чейинки жана Маркстын, Лениндин философиянын тарыхы боюнча эмгектери, марксизм-ленинизм классиктеринин тексттери жарыяланып турган журнал болгон. Азыркы мезгилде учурдун талабына ылайык, актуалдуу илимий эмгектер жарык көрүп турат. Философиянын негизи деп психологиялык антропологияны эсептеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]