Фитонциддер

Википедия дан
Fitoncidas Fitoncidios Phytoncide Phytoncides International Forest Medicine

Фитонциддер (грек тилинен φυτóν — «өсүмдүк» жана латын тилинен caedo — «өлтүрүп атам») — кээ бир өсүмдүктөрдөн бөлүнүп чыгып, бактерия, микроскоптук козу карын жана жөнөкөй организмдерди өлтүрүүчү же алардын өсүү жана көбөйүүсүн басаңдатуучу биологиялык активдүү заттар.
Өсүмдүктөрдүн иммунитетинде жана организмдин өз ара мамилелеринде мааниси чоң. Курт-кумурскаларды качырып өсүмдүктү коргойт, аларда жылуулукту жөнгө салуу жана башкалар тиричилик процессинде катышат. Фитонциддердин бөлүнүүсү өсүмдүк сынганда, сыйрылганда күчөйт. Алардын күчү, бактерияга каршы таасири түрдүү өсүмдүктөрдө ар башка. Мисалы, сарымсак, пияз фитонциддери жөнөкөйлөрдүн, бактериялардын жана мите козу карындын көпчүлүгүн тиер замат өлтүрөт. Бир гектар мырза карагайлуу токой суткасына 5 кг, арчалуу токой 30 кгдай фитонциддерди бөлүп чыгарып, абадагы микрофлораны азайтат. Ийне жалбырактуу токойлордун абасы таза болгондуктан курорт, санаторийлерди жайгаштыруу, шаарларды жашылдандыруу ден соолук үчүн пайдалуу.
Медицинада пияз, сарымсак, сары чай чөп жана башкалар фитонциддүү өсүмдүктөр ириңдүү жараат, жараларды, трихомонад кольпитин жана башкалар дарылоодо колдонулат. Айрым өсүмдүктөрдүн фитонциддери ичеги-карындын кыймылын, секрет чыгаруусун, жүрөк ишин ыкчамдатат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8