Хадис

Википедия дан
Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

«Хади́с» (арабча: الحديث «сөз»)— Мухаммед пайгамбардын (САВ) санат сөздөрү («кауль»), жактыруулары (макул табуулары) жана тыюлары, көрүнүшү («васфи») же кылган иш-аракеттери («филь»). Хадистер Сахабалардын жардамы менен айтылып, сакталып келген.
Хадистерди колдонуу Мухаммед пайгамбардын убагында эле башталган. Ар бир хадис бири-бирине айтып жеткирген адамдардын үзгүлтүксүз чынжырчасынан - иснаддан турушу керек. Башкача айтканда жеткирүүгө катышкан, эң биринчи уккан адамдан баштап бардык инсандардын тизмеси. Бирок хадистин шексиздиги, ырас экендиги (чын эле пайгамбар ушинтип айтканбы, же башка адамдар ойлоп чыгарганбы) үчүн үзгүлтүксүз иснад зарыл болгону менен, хадисти чындыкка чыгаруу үчүн жетишсиз болгон. Жеткирүүчүлөрдүн толук тизмеси түзүлгөн соң, айтып берген адамдардын өмүр баяны изилденген. Эгер, кайсы бир айтып берүүчүнүн начар эс-тутуму, психикалык жактан токтоо эместиги, же жөн гана чынчыл эместиги билинсе, анда ал адам – начар жеткирүүчү катары саналып, айтылган хадис шектүү болуп саналган. Хадистер аныгы жагынан шексиз (сахих), жакшы (хасан), начар, шектүү жана ойлоп чыгарылган (башка адам атайы ойлоп чыгарып, пайгамбар айткан деп жайылтуу, калп) болуп бөлүнгөн.
Хадистер жөн гана насаат болуп тим болбойт. Мухаммед пайгамбар, ким пайгамбар айтпаганды айтты деп жалаа жаап, пайгамбардын атынан айтса ал тозоктон орун алат деп айткан. Пайгамбардын бул сөзү кудайга баш ийүүчүлөргө катуу таасир эткен. Хадистердин маңызы - Куранда жазылгандарды кененирээк, түшүнүктүүрөк кылып ачып берүү. Мисалы, Куранда намаз окуу буйрулган. Ал эми хадис намазды кандайча окуу керектигин түшүндүрөт.
Мухаммед пайгамбардын сахабаларыны бири Абу Хурайра 5354 хадис айтып берген.

Белгилүү, беделдүү хадис жыйноочулардын бири – имам Мухаммад ибн Исмаил аль-Бухари (810—870). Ал 700 миңдин тегерегинде хадис жыйнап, алардын 7400 гана «аль-Джами' ас-Сахих» жыйнагына киргизген. Бул бардык хадистердин 1% ашыгыраагын гана түзөт. Ал эми калган хадистерин шектүү же начар хадис деп санаган.
Эң көлөмдүү жыйнактардын бири 40 миң хадис камтыган имам Ахмад ибн Ханбалдын «аль-Муснад» жыйнагы (Ибн Ханбал 1 миллионго жакын хадис жыйнаган).

Хадис таануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ислам дин илиминде хадистерди изилдөө менен - хадис таануу илими («усуль аль-хадис») алектенет.

Хадистин бөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хадис эки бөлүктөн турат: иснад (санад) жана матн.

Иснад[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исна́д (арабча: اٍسْنادٌ) — Мухаммед пайгамбардын сүйлөгөн сөзүн, кылган ишин, туура көрүп, жактырган ишин бири-бирине айтып жеткирген адамдардын чынжырчасы. Иснад пайгамбардан же сахабадан же табьинден баштап хадис жыйноочу аалымга чейин хадис жеткирүүгө катышкан адамдардан түзүлөт.Иснаддын башталышы бул бизге жакыныраагы, ал эми аягы - пайгамбарга жакын бөлүгү. Иснадда айтылган адам равий деп аталат. Иснад —бул хадис жеткирүүгө катышкан бардык равийлердин атынын аталышы. Хадистин бир равийден экинчи равийге берилиши - риваят, ал эми берилген хадис - марвий деп аталат.

Матн[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Матн (арабча: مَتْنٌ) — бул Мухаммед пайгамбар эмнени айтканын, эмнени кылганын, же туура көргөнүн айтылышы. Матн хадистин негизги бөлүгү болуп саналат. Матниснаддан кийин келет. Негизи хадистин маңызы бул – матн.Иснад болсо матнпайгамбарга же сахабага тиешелүү экендигин ырастайт.

Хадистердин жыйнагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сунниттик жыйнактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи хадис жыйнагы хижранын экинчи кылымында жашаган имам Малик ибнАббастынМуватта китеби болгон. Хижранын үчүнчү кылымында аль-Бухари (хижрадан кийинки 194—256 жж.), Муслим (хижрадан кийинки 202—261 жж.), АбуДауд (хижрадан кийинки 202—275 жж.), Ат-Тирмизи (хижрадан кийинки 279 жылы каза болгон), Ан-Насайи (хижрадан кийинки 215—303 жж.), Ибн Маджи (хижрадан кийинки 209—273 жж.) сыяктуу имамдардын шексиз хадистерден турган жыйнактары чыга баштаган. Эң эле кадыр-барктуу сунниттик хадис жыйнактары булар:

  • имам аль-Бухари«аль-Джами' ас-Сахих»
  • имам Муслим«аль-Джами' ас-Сахих»
  • имам Абу Дауд«Китаб ас-Сунан»
  • имам ат-Тирмизи«аль-Джами' аль-Кабир»
  • имам ан-Наса’и«Китаб ас-Сунан аль-Кубра»
  • имам Ибн Маджи«Китаб ас-Сунан»
  • имам аль-Бейхаки «ас-Сунан аль-Кубра»
  • имама Ахмад ибн Ханбаль«аль-Муснад»

Муватта- Малик ибн Анас[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи хадис жыйнагы – Муватта– имам Малик ибн Анас аркылуу жыйналган. Имам Малик ибнАнас Медина шаарында туулуп-өскөн (хижранын 93—179 жж.), көрүнүктүү аалым болгон. Бул китеп Маликтин Муваттасы деген атка ээ болгон. Анда имам иснаддарды кеңири берип, хадистерди темаларга жараша бөлгөн. Муватта ислам юриспруденциясы боюнча справочник болуу менен катар, ошондой эле хадистер боюнча алгачкы илимий эмгек да болуп саналат. Бул китепте имам Малик ар бир хадистин алдында иснад берет, башкача айтканда хадисти жеткирүүгө катышкан адамдардын чынжырчасын кеңири берет. Кээ бир учурларда иснад пайгамбардын өзүнө чейин жеткен болсо, кээде сахабаларга чейин жеткен. Бул китеп хадистерди гана эмес ислам укук таануусу боюнча маалыматтарды да камтыгандыктан, кээ бир маселелер боюнча имам Маликтин өз оюн жолуктурууга да болот.

Хадис аль-Кудси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хадис аль-Кудсинин (аль-Ахадись аль-'Кудсийа) башка хадистерден өзгөчөлүгү, бул хадистерде түздөн-түз Аллахтын буйруктары Мухаммед пайгамбар тарабынан баяндалат. Аль-Каринин айтканы боюнча, бул хадистерди дааратсыз деле окууга болот, жана алар намаз, дубаларда колдонулбайт.Мындай хадистердин саны көп эмес, ошондуктан мазмуну боюнча бөлүп коюшат:

  • Кудайдын жалгыздыгын ырастоо;
  • Ибадаттарды кылуунун эрежелери;
  • Сунуш кылынган жакшы иштер;
  • Кудайга кызмат кылуу;
  • Кыямат күнгө жана кылган ишке жооп берүүгө ишенүү.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]