Халифат

Википедия дан
Халифат
араб. خلافة إسلامية

632 — 1924
Адил халифат (632—661) Умаййи халифаты (661—750) Аббасий халифаты (750—1258) Мамлүк султанаты (1258—1517) Осмон империясы (1517—1924)



Борбор калаа 630—656 Мадина
656 — 661 Мекке
661 — 754 Дамаск
754 — 762 Эл-Куфа
762 — 836 Багдад
836 — 892 Самарра
892 — 1258 Багдад
Тил Араб тили
Калк арабдар, перстер, копты, берберлер, түркмөндөр, армяндар, ассириялыктар, грузиндер, испаниялыктар, португалиялыктар, түштүк италиялыктар, оогандыктар, синдхтер, тажиктер.

Халифат (араб. خلافة إسلامية‎‎ — исламий халифат) — VII кылымдагы мусулман ээлеп алууларынын натыйжасында пайда болгон, халифалар тарабынан башкарылып келген теократиялык мусулман мамлекети.

Эскиорус булактарында Агарян (царство Агарянское) жана Измаильдиктер падышалыгы (царство Измаильтянское) деген ат менен белгилүү болуп, аны ошол мезгилдеги Рустагы китептүү адамдарга маалым болгон дүйнөнүн падышалыктарынын (империяларынын) катарына кошушкан.

Мадиналык жамаат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Халифаттын эң алгачкы өзөгү катары, VII кылымдын башында Хижазда (Батыш Арабия) Мухаммед пайгамбар тарабынан негизделген мусулман жамааты — умма (үммөт) болуп эсептелет. Мусулман ээлөөлөрүнүн натыйжасында ири мамлекет негизделип, ал өз ичине Арабия жарымаралын, Ирак, Иран, Закавказьянын көп бөлүгү (Армян тайпактооосу, Каспий боюндагы аймактар, Колхид ойдуңу, ошондой эле Тбилиси), Орто Азия, Сирия, Палестина, Мисир (Египет), Түндүк Африка, Пиреней жарымаралынын көп бөлүгү, Синд жерлери кирген.

Халифат сөзү (араб. خليفة‎‎ — Khalīfah — «мураскер», «өкүл») — халифанын титулун дагы, Мухаммедден кийинки анын «халифаларынын» (орун басарларынын) жетекчилигиндеги араб-ээлөөчүлөрү тарабынан түзүлгөн кеңири мамлекетти дагы түшүндүрөт. Араб халифатынын жашаган доору, кийинки жамыисламдык илим жана маданияттын гүлдөгөн кылымдары менен бирге батыш тарыхнаамасында Исламдын алтын кылымы деп аталат.

Адил халифат (632—661)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адил халифат 632-жылы Мухаммед пайгамбардын өлүмүнөн кийин түзүлгөн. Халифатты төрт адил халифалар: Абубакр Сыддык, Умар ибни Хаттаб, Усман ибни Аффан жана Али ибни Абуталиб. Алардын башкаруу мезгилинде Халифатка кирген жерлер; Араб жарымаралы, Шам, Кавказ, Түндүк Африканын Мисирден Туниске чейинки бөлүгү жана Иран тайпактоосу болгон.

Аббасий халифаты (750—1258)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлүк коргоосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Осмон коргоосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

халифаттын жоюлушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акыркы халифат 1924-жылы Түркияда жоюлган.

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Умаййилер Калып:Аббасийлер

Калып:Араб ээлөөлөрү