Холангит

Википедия дан

Холангит (байыркы грек тилинен χολή — өт жана ἀγγεῖον — тамыр) — өт өткөөлүнүн сезгениши.
Холангиттин пайда болушуна өт жолуна өт баштыгынан, ичеги-карындан кан, кээде лимфа аркылуу инфекциянын түшүшү, өттүн токтоп калуусу түрткү болот. Анын негизги себеби — өт баштыгынын сезгениши (өнөкөт холецистит). Холангиттин катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Оорунун пайда болушуна өттөгү таштын пайда болушу да себеп болот. Өткөөлдүн сезгенүүсү күчөгөндө анын тегерегиндеги ткандар да жабыркап, ириңдейт.

Белгилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорунун катуу кармаган түрүндө дененин температурасы көтөрүлөт, калчылдап, кара тер басат. Андан кийин дене саргайып, ар кайсы жер кычышат. Боордун тушу ооруйт.Кээде кусат. Жаш балдарда холангит сейрек учурайт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону диагнозун коюп врач жүргүзөт. Айрым учурда хирургиялык ыкма сунуш кылынат. Өз убагында дарыланса холангит кадиксиз айыгат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8