Хомяков Алексей Степанович

Википедия дан
Хомяков, Алексей Степанович‎»‎ барагынан багытталды)
Хомяков, Алексей Степанович

Хомяков Алексей Степанович (1804—1860) — орус философу, философияда славянофиль идеясын өнүктүргөн.

Ал дворян-помещиктин үй-бүлөсүндө туулуп-өсүп, холерадан өлгөн.

Хомяков метафизикалык философиялык системанын негизин салган, бул кийинки орус философторунун эмгектеринде өнүктүрүлгөн. Кудайлык акыйкат логикалык аңдап-билүүнүн мүмкүнчүлүгүнүн чегинен тышкары жатат. Ал акыйкат ишенимдин обьектиси, ошол эле убакта ишеним, металогикалык мүнөзгө ээ болсо да, логикалык түшүнүүгө карама-каршы турган бирнеме эмес. Ишеним менен зээндин шайкештиги «бирбүтүн акыл-эсти» берет деп эсептеген ал.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам рационалдуу эркке жана адеп-актык эркиндигине ээ болгон жан.

Эркиндик такыбаалык менен күнөөнүн ортосундагы тандоо эркиндигин билдирет.

Бардык жаратылган нерселер чыныгы же мүмкүн болуучу күнөөлүү абалда болуп турат. Күнөөдөн арылуу же азгырылбай такыбаачылыкта жашоого, же Кудайдын ырайымына байланыштуу. Кудай өзү жаратканга күнөөдөн кутулуунун жолун да көрсөтүп берген. Ал Кудай адамдын — Иисус Христостун, күнөөлүүлөрдү соттоочу жогорку соттун образында келген. Ал адамды өз күнөөсүн толук мойнуна алууга мажбурлайт, бирок ошол эле убакта аталык ырайымын да көрсөтөт. Ал, Хомяковдун айтканына караганда, Аны четке какпагандардын баары менен, чиркөөгө камтылган чындыкка умтулгандардын баары менен өзүн бириктирип турат.

Метафизикага салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Метафизикалык диний системанын негизин салуу менен Хомяков анын негизги принциптерин да белгилеген, алар кийин орус философиялык оюнун корифейлери — Владимир Соловьёвдун, Бердяевдин жана башкалардын эмгектеринде иштелип чыккан. Хомяков чиркөөнү Иисус Христос башында турган табийгый бирбүтүндүк катарында, тело катарында түшүнгөн. Динчил адам чиркөөдөн бир кыйла төп келип, өркүндөгөн турмушту табат. «Бир бүтүн кыпын кокустан үймөккө түшүп калса иш жүзүндө ал эч кандай жаңы бытиеге ээ болбойт, — дейт Хомяков, — Бирок жандуу дене аркылуу өздөштүрүлгөн заттардын ар кандай бөлүкчөлөрү анын организминин ажырагыч бөлүгү болуп калат жана өзү да андан жаңы маңыз жана жаңы жашоо алат: адамда Чиркөөдө, табийгый негизи сүйүү болгон Христостун денесинде дал ушундай жаңы маңызга, жаңы жашоого ээ болот»[Чыгарм. толук жыйн. II том, 115-6.].

Чиркөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чиркөө көптөгөн адамдарга эркиндикти камсыз кылат, ал эркиндик жогоруда айтылган биримдик жан аябас, ак ниет сүйүүгө негизденгенде гана пайда болот. Динчил адам өз эркиндигин чиркөөдөн табат, «бирок өзүнүн рухий жалгызчылыгынан улам дармансыз болуп турган абалга тушукканда эмес, өзүнүн боордоштору менен, өзүнүн Куткаруучусу менен чын жүрөктөн, рухий биригип турганда гана» өзүн да, өз эркиндигин да табат. Адам өзүн ал эркиндикте төп келип, жетилген түрүндө табат же, тагыраак айтканда, өзүнүн ички дүйнөсүндө өркүндөп, жетилип турганды — ар бир жашөөнун ыпластыгынан дайыма бууланып бошонуп чыгып турган Теңирлик эргүүнү табат. Бул тазалануу христиандардын Иисус Христоско болгон өз ара сүйүүсүнүн жеңилбес күчү аркылуу ишке ашат, анткени бул сүйүү Теңирлик Рухтун өзү»[Чыгарм. толук жыйн. II том, 114-115-6]. «Христианчылык дегенибиз,— деп көрсөтөт Хомяков,— Христостун өзүндө камтылган эркиндик болуп саналат»[198-6.].

Чиркөөнүн принциби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хомяков үчүн чиркөөнүн негизги принциби соборчулук, соборчулук дегенибиз акыйкаттын абсолюттуу ээси — өз өзүнчө алганда патриарх да, духовенство да, аалам собору да эмес, бир гана чиркөө болуп саналат.

Христиан чиркөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хомяков чиркөө дегенде православие чиркөөсү жөнүндө гана айтат, ошондуктан католицизм жана протестантизм жөнүндө сөз кылганда аларды чиркөө деп эсептебейт. Ошол эле убакта ал православие чиркөөсү бүткүл акыйкатка ээ болуп турат деп да эсептеген эмес, анткени христианчылыктын принциптери али да толук түрүндө эч жерде ишке аша элек. Хомяковдун пикири боюнча, католицизм - эркиндиги жок биримдиктин, протестантизм — биримдиги жок эркиндиктин так эле өзү. Хомяковдун оюнча христианчылык гана өзүндө биримдик менен эркиндикти айкалыштырып турат, башкача айткандаКудайды сүйүүгө, Кудайды сүйгөндөрдүн баарына таянып турган соборчулуктун чыныгы принцибинин дал өзү. Хомяковдун философиялык эмгектериндеги көбүрөөк баалуу нерсе — анын сүйүү менен эркиндиктин биримдигине, алардын ажырагыс биримдигине басым жасаганы болуп саналат. Хомяков үчүн христианчылык эркиндиктин булагы болгон сүйүү дининин дал өзү.

Жыйындарынын мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хомяков өзүлөрүнүн жыйындарында адилеттүүлүктүн, ыймандын жана акыйкаттын принциптерине ылайык бир добуштан чечим кабыл ала турган орустун кыштак жамаатына биринчи маани берген.

Гумандуулуктун идеалын жактап, демократияны колдогон, ар бир эл тынчтыкта жана өз алдынчалыкта өнүгүүгө тийиш деп эсептеген. Ал, ошондой эле, кулчулукка каршы чыгып, адепсиздикти кулчулуктун башкы кесепети деп ойлогон.

Орус маданияты тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киреевский сыяктуу эле Хомяков европалык маданиятты үстүрт, кызыксыз жана рационалдык маданият деп, ал эми орус маданияты акыл-эстүүлүктүн жана анжылыгы жок, бир бүтүндүктүн идеясы менен байланышып турган маданият деп билген.

Ошол эле учурда Хомяков орус турмушунун кемчиликтерин көрсөтүп, көп учурда Орусияда жашап турган тартиптерди айыптайт. Хомяков Орусия өзүнүн идеалын толук түрдө ишке ашыра алган жок, анткени орус калкында логикалык ой жүгүртүүгө өтө аз көңүл бурулат, логикалык ойду чындыкты теңирлик логикалык таанып-билүү менен бириктирбейт дейт. Ошентсе да, ал орус элинин олуттуу миссиясына терең ишенген. Хомяков орус эли өзүнүн бүткүл рухий күч-кубатын көрсөтө ала турган жана православиенин принциптерин толугу менен колдоно турган мезгилдин келерине үмүттөнгөн.

Орусия, анын айтканы боюнча, дүйнөлүк цивилизациянын борборунда турууга тийиш, ошондо Орусия «бардык адамзат коомдорунун ичинен нагыз христиандык коом» болуп калат.

Орусияны көкөлөтө мактоо менен жана андан чыныгы коом бара жаткан идеалды көрүү менен эле бирге, Хомяков Батыш Европадагы көп нерселерди баалаган, ал үчүн Батыш Европа көптөгөн руханий баалуулуктар топтолгон жер, «ыйык кереметтердин» өлкөсү болгон. Бирок Батыш Европада Хомяковго жакын жана сүйкүмдүү болгон соборчулук идеясы өнүккөн эмес болучу. Соборчулукту Хомяков бардык адамдардын эркиндиги жана биримдиги аркылуу көрүнө турган, бир эле баалуулуктарга карата болгон адамдардын бирдей сүйүүсү катарында элестеткен. Соборчулук — чиркөөнүн жана жамааттын мүнөздүү белгиси, аны социалдык турмуштун көптөгөн кыйын проблемаларын чечүүгө колдонууга болот. Хомяков үчүн дал христианчылык өзүндө сүйүү менен эркиндикти бириктирип турган дин болгон.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine