Хорея

Wikipedia дан

Хореянерв системасынын оорусу; кол-буттун, бет булчуңдарынын эрксизден бат-бат иретсиз кыймылы. Ал ачууланганда күчөйт, уктаганда токтолот. Ревматизмден болгон хорея көп кездешет. “Хорея” латын тилинен которгондо «бий» дегенди түшүндүрөт. Оору мектеп жашындагы балдарда, көбүнчө кыздарда кездешет. Орус илимпозу Н. Ф. Филатов инфекциялык хореяны мээнин ревматизм менен жабыркашынан болот деп эсептеген. Муундардын ревматизми, эндокардит жана тамак оорусу хореяны пайда кылат.

Башталышы[оңдоо]

Оору акырындап башталат. Мында баш аламан кыймылдоо, унутчаактык байкалат. Мындай көрүнүштөр баланын бейбаштыгы катары эсептелип, көңүл бурулбашы мүмкүн. Андан ары эрксиз кыймылдар пайда боло баштайт. Баш аламан кыймыл булчуңдар бошондогондон да болот. Кээде өтө бошоңдоп кеткен учурда «жумшак хореяга» дуушарланат, башкача айтканда, кол, дене, бет булчуңдары өзүнөн өзү кыймылдай берет. Оору күчөгөндө басып жүрүүгө жана түз туруп турууга мүмкүн эмес. Тил, кулкун булчуңдары бошоңдосо сүйлөө, тамак жутуу бир топ кыйынчылык туудурат. Оорунун жеңил жана оор формаларында — эске тутуу, көңүл буруу начарлап, оорулуу жалтак, бейкапар тартат же себепсиз ыйлап жана күлүшү мүмкүн. Оорулуу баланын бир убакта тилин чыгарып, эки көзүн жума албашы оорунун дагы бир белгиси болот. Жүрөктүн эндокардитинен болгон белги хореяга мүнөздүү. Хорея кайталап кармай берип, 1—3 айга созулушу мүмкүн. Уйку жакшы таасир берет, себеби баш аламан кыймылдар уктаганда токтоп калат. Ошондуктан уктатуучу дарылар берилет. Тукум куума хорея көбүнчө улгайган адамдарда кездешет; мээ кан тамырларынын атеросклерозунан болушу мүмкүн. Эрксиз баш аламан кыймылдар дарт күчөгөн сайын күчөп, адам бийлегенсип, башын ары-бери чулгуп, колунун бармактарын улам жазып басат. Мындай адамдардын тез-тез ачуусу келип, айланадагы окуяларды туура эмес түшүнүшөт. Убакыт өткөн сайын акылынан айныганы көбүрөөк байкалат. Тили булдуруктайт, басканда, тамак ичкенде кыйналат. Хорея кош бойлуу аялдарда да кездешет. Адатта ревматизмден же ангинадан жабыркаган аялдар боюна болгондун алгачкы жумаларында дуушарланышы ыктымал. Оору башталары менен врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият[оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8