Христофор Колумб

Википедия дан
Христофор Колумб.

Христофор Колумб (латынча Columbus, италиянча Colombo, испанча Colon) (1451, Генуя шаары, Италия — 20.5.1506, Испания Вальядолид шаары) — генуялык деңиз саякатчы.

1476-84 -ж. Португалияда жашаган. Жердин шар формасында экендиги жөнүндөгү байыркы түшүнүктөргө жана 15-кылымдагы ката божомолдорго таянып, Европадан Индияга баруучу эң кыска батыш деңиз жолунун долбоорун түзгөн. Долбоорду Португалия колдобогон соң, Испания королу Фердинандды жана королева Изабелланы Ост-Индияга жасай турган экспедициясын каржылоого көндүрүп, 1492-ж. үч кичинекей кеме менен («Санта-Мария», «Пинта», «Нинья») жолго чыгып, Атлантика океанын алгачкы ирет кесип өтүп, Багама аралына, Куба жана Гаитиге жетип, Азиядан анча алыс эмес жердебиз деп, ал жерди Вест-Индия атаган. Анын алгачкы отчёту Жаңы Дүйнөнүн бар экенине күбө болгон. Бир жылдан кийин (1493-96) экинчи экспедициясына 17 кеме менен чыгып, алтын таап келүүнү максат кылган. Үч жыл бою Кариб архипелагын изилдеп, бирок максатына жетпей кайткан. Кичи Антил аралдар тобундагы айрым аралдарда, Пуэрто-Рикодо, Ямайка жана Кубанын түштүк жээгинде (83°батыш узундукка чейин) болот. Үчүнчү экспедициясына (1498-1500) өтө кыйынчылык менен каражат таап жолго чыгып, Тринидад аралын жана Түштүк Американын жээктерин көрөт. Төртүнчү экспедициясына (1502-04) начар жабдылган 4 кеме менен чыгып, Борбордук Американын жак жээгин(Гандурас булуңуна чейин) изилдейт. Колумбдун Америка жөнүндөгү жыйнаган географиялык маалыматтарынын дүйнөлүк тарыхый мааниси зор. Анын аты менен Түштүк Америкадагы мамлекет, Канададагы провинция, АКШдагы федерация округу, плато, дарыя, Аляска жарым аралындагы мөңгү, Багама аралындагы тайыздык(банка), Кариб деңизиндеги суу астындагы чуңкурдук, Шри-Ланканын борбору, көптөгөн дарыялыр, көлдөр, тоолор, шаркыратмалар жана тумшуктар(көпчүлүгү АКШда) аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]