Хундар

Wikipedia дан

Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Flag of Kyrgyzstan.svg

Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212) • Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)

Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)

Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздарыАрка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория
Гундардын Италияга кол салышы

Хундар, сүнү, гундар – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын башында Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири. Биздин заманга чейинки 3-кылымдын акырында хунндар азыркы Борбордук Моңголия менен Байкалдын боюнда жайгашкан. Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Хунндар дунхуларды (байыркы моңголдордун ата-теги), юечжилерди талкалап, кыргыздарды жана усундарды жеңип алышкан. Андан кийин Кытайга жортуул жасаган, император Лю Бан аларга салык төлөөгө аргасыз болгон. Биздин заманга чейинки 1-кылымда хунндардын дагы бир кол башчысы Чжичжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды жана алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган. Биздин заманга чейинки 1-кылымдын ортосунда хунндар Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген.

Биздин замандын 48-жылы хунндардын жети уругу кайрадан Кытай императоруна баш ийип, түштүк хунндар деп аталып калган. Түндүк хунндар биздин замандын 1-кылымынын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Моңголия аймагында кала берип, кийинчерээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Дагы бир бөлүгү Орто Азия тарапка жылган. Батышка жылган түндүк хунндардын айрым топтору Европага чейин журт которуп жана өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип отуруп, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган. Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк хунндардын калган-катканы кийинчерээк Батыш түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен. Түштүк хунндар Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-кылымга чейин жужан, табгач (тоба), түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.

Колдонулган адабият[оңдоо]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[оңдоо]