Хунну

Wikipedia дан

Хунну, хуннулар, хундар, сүннү, гунндар, кун (Хунны, сюнну) – б. з. ч. 1-миң жылдыктын башында Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн калктар; түрк элдеринин байыркы ата-тегинин бири.

Б. з. ч. 3-к-дын акырында Х. азыркы Борбордук Моңголия м-н Байкалдын боюнда жайгашкан.

Ушул доордо Модэ шанүй (падыша, кол башчы) башкарган. Х. дунхуларды (байыркы моңголдордун ата-теги), юечжилерди талкалап, кыргыздарды ж-а усундарды жеңип алышкан.

Андан кийин Кытайга жортуул жасаган, император Лю Бан аларга салык төлөөгө аргасыз болгон.

Б. з. ч. 1-к-да Х-дын дагы бир кол башчысы (теңир курт) Чжи-чжи батышка жортуул жасап, кыргыздарды ж-а алардын түндүгүндөгү динлиндерди талкалаган.

Б. з. ч. 1-к-дын ортосунда Х. Кытайга убактылуу сөз жүзүндө баш ийген.

Б. з. 48-ж. Х-дын жети уругу кайрадан Кытай императоруна баш ийип, түштүк Х. деп аталып калган.

Түндүк Х. б. з. 1-к-нын акырында экиге бөлүнгөн. Бир бөлүгү Моңголия аймагында кала берип, кийинчирээк түрк урууларынын өзөгүн түзгөн. Дагы бир бөлүгү Орто Азия тарапка жылган.

Батышка жылган түндүк Х-дын айрым топтору Европага чейин журт которуп ж-а өзүнө башка көчмөн урууларды сиңирип отуруп, жаңы гунндар уруу бирикмесине айланган.

Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнө журт которгон түндүк Х-дын калган-катканы кийинчирээк Батыш Түрк кагандыгынын негизги калкына аралашып кеткен.

Түштүк Х. Кытайда бир катар чакан мамлекетти негиздешкен; 6-к-га чейин жужан, табгач (тоба), кыргыз, түрк, кытай сыяктуу элдерге аралашып, алардын арасына сиңип кеткен.


Пайдаланылган адабияттар:[оңдоо]

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2

2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

Шилтемелер[оңдоо]