Цианоз

Википедия дан
Цианоз

Цианоз (байыркы грек тилинен κυανός күңүрт-көк + -ωσις) — тери жана былжыр челдин кара көк тартышы.
Ал көбүнчө тырмакта, мурундун учунда, эринде байкалат. Цианоз кандагы кычкылтектин азайышынан, башкача айтканда кычкылтек менен кошулбаган гемоглобиндин көбөйүшүнөн пайда болот. Өпкөнүн жабыркашында (плеврит, пневмония, пневмосклероз жана башкалар), тубаса жүрөк кемтигинде (вена каны өпкөгө келбей түздөн-түз артерия системасына түшүшүнөн) жана башкалар байкалат цианоз кээде дененин айрым бөлүгүндө, кол-бутта кан тамырдын тарышынан, кысылышынан же бүтөлүп калышынан пайда болот. Теринин көгөрүшүнө айрым уу заттардан (анилин, нитробензол жана башкалар) уулануу да себеп болот. Анткени алардын таасиринен кандагы гемоглобин кочкул метгемоглобинге айланат. Цианоз болгондо тезинен врачка кайрылуу керек.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8