Цистоскопия

Википедия дан
Цистоскоп

Цистоскопия (байыркы грек тилинен kystis — «табарсык») — цистоскоптун жардамы менен табарсыкты изилдөө ыкмасы.
Табарсыктын түрдүү ооруларын (өнөкөт цистит, табарсыктын шишиги, кургак учугу, ташы, жарасы), ошондой эле табарсыкка жакын жаткан жатын, простата бези, көтөн чучук жана башкаларынын сезгенүү жана шишик ооруларын билүүгө жардам берет. Цистоскоп табарсыкка сийдик чыгаруучу канал аркылуу киргизилет. Алардын бир нече түрү (катетрлөөчү, операцияда колдонулуучу, кароочу) бар.

Цитогенетика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цитогенетика — генетиканын бир бөлүгү; белгилердин тукум куугуч закон ченеми менен генетикалык информацияны — хромосоманы алып жүрүүчү клетка ядросунун атайын түзүлүшүнүн өз ара байланышын изилдейт. Медициналык практикада цитогенетикалык изилдөөлөр кеңири колдонулууда. Көпчүлүк тукум куума оорулар жана өөрчүү кемтиги хромосоманын түзүлүшү өзгөргөндөн болору аныкталган (Мутация). Тукум куума белгилер хромосоманын түзүлүшү өзгөрүлбөгөндө гана укумдан тукумга берилет. Клеткалардын бөлүнүү процессинде хромосомалар эки эселенип, ал кайра жаңы пайда болгон 2 клеткага тең бөлүнөт. Уруктанууда аталык жана энелик клеткалардын хромосомалары биригип, кийинки муун атасынан да, энесинен да тукум куума белгилерди алат. Цитогенетикалык изилдөөнүн натыйжасында хромосомалардын ортосунда ген алмашуу жүрүп, анын негизинде белгилер менен касиеттер өзгөрөрү аныкталган; хромосомаларда гендердин жайгашуу иретин байкоого, генетикалык картаны түзүүгө, клетка бөлүнүү мезгилинде айрым хромосомалардын түшүп калуу же тескерисинче көбөйүп (полиплоид) кетүү себебин түшүнүүгө мүмкүндүк болду. Кийинки жылдарда хромосоманын молекулалык структурасы, функциясы молекулалык деңгээлде изилденип, ген алмашуудан татаал түзүлүштүү организмдердин активдүүлүгү өзгөрөрү аныкталган. Хромосомалардын өзгөрүшү организмдин өөрчүшүндө бузулууларга алып келип, тукум куума оорулардын пайда болушуна себеп болот. Цитогенетика методдорунун өркүндөшү көпчүлүк тукум куума ооруларды эрте табуу жана дарылоого жардам берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8