Чаадаев, Петр Яковлевич

Wikipedia дан
Чаадаев, Петр Яковлевич


Чаадаев, Петр Яковлевич (1794–1856) – орус ойчулу жана публицисти. 1829–1931-ж. «Философиянын тарыхы жөнүндөгү каттар» аттуу негизги чыгармасын жазган Чаадаев философиялык-тарыхый ойлору орус философиясынын өнүгүшүнө жана калыптанышына күчтүү таасирин тийгизген.

Өмүр баяны[оңдоо]

Бай помещиктин уулу болгон. Москва университетинде окуган жана Наполеонго каршы согушка активдүү катышкан.
Өзүнүн саясый көз карашы боюнча декабристтерге жакын, бирок декабрь көтөрүлүшүнүн учурунда чет өлкөдө жашап турган. Шеллинг менен жолугушуп, кийин аны менен кат жазышып турат. «Философиялык каттар» деген трактат Чаадаевдин негизги философиялык чыгармасы болуп саналат, ал француз тилинде жазылган жана кайсы бир айымга жиберилген сегиз каттан турат, ал каттарында автор ал айымга — руханий турмушун уюштуруу боюнча айрым бир кеңештерин берет.
Биринчи кат 1836-жылы «Телескоп» журналына жарыяланат. Ал катты Чаадаев өзүнүн айымына бардык чиркөөлүк ырым-жырымдарды тутууга, баш ийүүгө үйрөнүү жөнүндө кеңештерин айтат, анын айтканына караганда булар «духту бекемдейт» экен. Чаадаевдин пикири боюнча, «бир калыпта тынч жашоо» гана руханий өнүгүүгө ылайык келет. Россия жөнүндө ал катуу сын пикир айтат, анын оюнча «дүйнөдө жалгыз калып, биз дүйнөгө эч нерсе бере алган жокпуз, аны эч нерсеге үйрөтө алган жокпуз, адамзаттын толгон-токой идеяларына бир да идея кошо алган жокпуз». «Биз алыскы келечектеги бир муундар үчүн сабак болорлук кызмат кылуу үчүн жашап келгенбиз жана ошондойчо жашоону улантып жатабыз».
Ошол эле убакта ал Батыш Европаны бардык күчү менен көкөлөтүп мактап, ал жакта «парыз, адилеттүүлүк, укук, тартип идеялары коомду пайда кылган окуялардын өзүнөн келип жаралган жана алар социалдык салымга зарыл элемент катарында кирет» деп санайт. Чаадаев Батышта үстөмдүк кылып турган католик чиркөөсүнөн агартуунун жана эркиндиктин жактоочусун көргөн. Бир эле убакта Чаадаев Россиядагы крепостнойлук укукту сынга алган. Бул каты үчүн Чаадаев Николай I тарабынан жинди деп жарыяланат, «Телескоп» журналы жабылып, анын редактору профессор Надеждин сүргүнгө айдалат, бул катты жарыялоого уруксат берген цензор кызматтан бошотулат.

«Философиялык каттар» трактаты[оңдоо]

Чаадаевдин кийинки каттары 1935-жылы гана жарыяланат (алтынчы жана жетинчи каттары жакында гана жарыяланган).
Чаадаев өзүнүн «Философиялык каттар» деген трактатында диний дүйнө көзкарашты кеңири сүрөттөп, аны бардык тарабынан негиздеп чыгат. Баарынан мурда «биз көп учурда жан дүйнөбүз диний сезимдин тийгизген таасирине баарынан көбүрөөк кабылып, жеке өзүбүзгө таандык болгон күчтөн ажырап калгансып көрүнгөн учурга, жана өз эркибизге баш ийгизбей эле бизди жерден көтөрүп, асманды карай алып жөнөгөн кандайдыр бир жогорку күчтүн жардамы менен жакшылыкка карай багыт алган учурга толук бойдон тобокел кылуубуз керек. Дал ошол учурда өзүнүн алсыздыгын сезип турса да, биздин духубуз асман жөнүндөгү ойлорго өтө зор күч менен ачылып, эң жогорку акыйкаттар өзүнөн өзү эле биздин жүрөгүбүзгө келип куюла баштайт» [II кат].

Философиялык жана диний көз караштары[оңдоо]

Чаадаевдин философиялык жана диний көз караштары тыкыс чырмалышып турат. Алсак, ал мындай деп жазат: «Жандардын... бүткүл жыйындысынын абсолюттук биримдиги бар, бул шексиз. Бул өтө зор маанилүү факт, бул улуу Баардыгына өзүнүн ажайып шооласын чачат: ал себептер менен натыйжалардын логикасын жаратат, бирок анын азыркы философтордун көпчүлүгү үгүттөп жүрүшкөн пантеизм менен эч кандай жалпылыгы жок... Бирбүтүн жаратылыш жана Паскалдын элестүү айтканы боюнча адамдардын бүткүл ырааттуулук менен алмашылып турушу да түбөлүк бар болуп тура берүүчү бир эле адам болуп саналат..» [V кат].
«Христиан окуусу бардык нерселердин жыйындысын биздин маңызыбыздын мүмкүн болуучу жана зарыл түрдө башкага айлануусуна (перерождение) негизденип карайт».
«Биздин эски табиятыбыз жок кылынат да... биздин ички дүйнөбүздө Христ жараткан жаңы адам төрөлөт». [III кат].
1837-жылы жазылып, ал өлгөндөн кийин, 1862-жылы Парижде князь Гагарин тарабынан жарыяланган «Жиндинин апологиясы» деген башка бир чыгармасында Чаадаев Россияга тескери мамиле жасабай, анын тарыхына көбүрөөк акыл-эстүүлүк менен караган. Россиянын өткөндөгү тарыхый өнүгүшүнүн жемишсиздиги, деп жазат ал, кандайдыр бир мааниде алганда оңдой берсин болгон экен, анткени орус эли турмуштун катып калган формалары менен тушалган эмес, ошондуктан ал өзүнүн алдында турган келечектеги улуу милдетин аткаруу үчүн эркин духка ээ болуп отурат. Муну менен бирге эле православиеге чоң маани берген, анын пикири боюнча, православие католик чиркөөсүнө жан киргизүүгө жөндөмдүү. Ал, келечекте Россия, эгерде ага Кудай тапшырган миссияны ишке ашырып, Европадагы баардык эң баалуу нерселерди өзүнө сиңирип ала турган болсо, Европанын интеллектуалдык турмушунун борборуна айланат деп үмүттөнгөн. Анын ойлору славянофилдердин идеялары менен үндөшүп турган.



Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8