Чавадан

Википедия дан

Жаздыктын алдынан башка жаздалуучу, жүккө жыюуда өзүнчө көрк ыроолочу сеп катары кызга берилүүчү килемче. Анын калган бөлүгү бөздөн, таардан тышталып, ичинде кебез же саман салынган. Ал кадимки жаздыктык милдет аткарат. Болжолдо орточо чавадандын узунуна — «эришине» 150 тал жип кетет да, анын каттай чыйратылган жоондугу бир мм дей эчкинин кылтагынан аркагы болот. Муну эки метрдей кылып куруп согот, Аны согуу килемдей келет. Эриш-аркагына эки кило, жүлүнө 1,5 килодой — ошондо орточо 3,5 килодой жүн-кылтак кетет.

Чаваданды соккондо эки четине «тумарча» үчүн 14тал (7 + 7) жип сарпталат. Анын ичине «ала мончок» келтирилет. Анан «кош кайкалак көчөтү» менен «жылдызча көчөтү» түшүрүлөт. Ортосуна «чоң тумарча көчөтү» келсе, негизинен анда «үч жылдызча», «алты коргончосу» болот. Бул токулганда узуну 90 см ге барабар. Ага да кызыл, ак, көк, сары, күрөң өңдөр ич ара жупташат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)