Чапкылоо

Википедия дан

Чапкылоо - Элдик зергерчиликтин бир ыкмасы. Бул — бетине ар түркүн издерди түшүрүү аркылуу буюмду кооздоо. Металл бетине оюм-чийим түшүрүү. Муну бүгүнкү зергерлер абдан пайдаланышат. Алар жез, мис, коло, датчалбас, нейзильберь, мельхиор, калай өңдүү заттарды тандабай, бирдей даражада иштетүүлөрүнөн билинүүдө. Бул ыкма менен зергерлердин өз колунан жасап алган аспап-чапкыларынын көп түрү бар. Аны бири-биринен чатыштырбай, темир бетине даана чаба билүүсү менен буюмдарга кайталангыс кооздук берилет.

Ар бир аспабын жасоодо зергер өзүнүн жекече «кыял чабыттарын» негиз кылып алат. «Айыш чапкы» деген ошол зер буюмга «жээк» салат. Оюм-чийимдин кичине чоңуна карата «ат туяк», «тай туяк» деген чапкылар колдонулат. Учун беш кыр кылып чыгарган, кичине — чоң мыктан жасаган «жылдызча» өңдүү чапкы буюмдун түрлөрүн асемдүү кылат. «Чаар чапкы» оюм-чийимдин тегерегине көп чекит түшүрөт. «Чуңкур такта», «тоок көз» андан да майда «чымчык көз» өңдүү чапкылардын өзүлөрүнүн өз алдынча, бири-бирин кайталагыс кооздук берүүчү бөтөнчөлүктөрү бар. Зергердин «кар чапкы» дегени чилдеде кымкарлап жааган кардын кандайдыр жылдыз кейиптенип кеткенин элестетет. «Кайчы кулак», «кыял ачаке» чапкыларынын түшүргөн кооздуктары адамды суктантат.

Чеберлерде үч бурчтуулук менен ар кандай түр бере турган аспаптардан он чактайы болот. Кээде бир эле буюмга бул чапкылардын баарын жаземдебей колдонууга туура келет.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]