Чаткал

Wikipedia дан
Чаткал дарыясы
кыргызча Чаткал
Чаткалга кире бериш
Чаткалга кире бериш
Мүнөздөмө
Узундугу 223 км
бассейндин аянты 7 110 км²
Суу агымы
Башаты Талас Ала-Тоосу
 · Координаттар 41°49′48″N 71°2′12″E / 41.83°N 71.03667°E / 41.83; 71.03667 scale= should be scale: in {{Coord}}
Аягы Чарвак
Жайгашкан орду
Өлкө Кыргызстан
Чаткал дарыясы Уикиказынада
Чаткал
Чаткалдан көрүнүш

Чаткал – түштүк-батыш Теңир-Тоодогу дарыя, Чыйырчыктын сол курамы. Талас Ала-Тоосу менен Чаткал кырка тоосунун туташкан жеринен башталып, Чаткал өрөөнү аркылуу түштүк-батышты карай агат. Узундугу 217 км, алабынын аянты 7110 км2. Башы Каракулжа аталат. Жогорку бөлүгү тик, терең сай, Каратерек суусу куйгандан баштап кенен жайылма аркылуу агат. Терс суусу куйгандан кийин Кумбел тоосун кесип өтүп, кенен өрөөнгө чыгат. Башкы куймалары: Аксуу, Кокуй бел, Авлетим, Терс, Найза (сол), Каракысмак, Бештерек, Чандалаш, Көксуу жана башкалар. Жылдык орточо чыгымы Чарбак кыштакта тушта 122м3/сек;байкалган эң көпчыгымы 535 м3/сек, азы 26,9 м3/сек. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Кышында тоңот. Алабындагы көлдөрдүн ириси Каратоко(аянты 1,02 км2). Сугатка пайдаланылат. Төмөнкү агымында Чарбак суусундугу курулган. Жээгинде Жаңыба зар, Акташ, Айгыржал кыштактары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар [оңдоо]