Чернышевский, Николай Гаврилович

Wikipedia дан
Чернышевский, Николай Гаврилович

Чернышевский, Николай Гаврилович (1828—1889) — көрүнүктүү орус философу.

Өмүр баяны[оңдоо]

Чернышевский дин кызматчысынын уулу болгон, Саратовдо диний семинарияда, андан кийин Петербург университетинин тарых-философия факультетинде окуган. Аның көз караштары XVIII кылымдагы француз материалисттеринин идеяларынын, Гегелдин, Сен-Симондун, Фурьенин, Фейербахтын көз караштарынын таасири астында калыптанган.
Эрте курагынан эле ал жашап турган тартипти сынга алып, монархияны кулатууну жактап чыгат. Бул революциялык ишмердиги Чернышевскийди камоого жана 1862-жылы сүргүнгө айдоого алып келет.

Чыгармалары[оңдоо]

Чернышевскийдин философия боюнча негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Искусствонун чындыкка эстетикалык мамилеси» (1855), «Орус адабиятынын гоголдук мезгилиндеги очерктери» (1855—1856), «Общиналык ээликке каршы философиялык жөрөлгөнү сындоо» (1858), «Философиядагы антропологиялык принцип» (1860), «Адамзат билимдеринин мүнөзү» (1855).

Бомуш тууралуу[оңдоо]

Бүткүл жашап турган болмушту Чернышевский жаратылыш деп атайт жана ал аң-сезимге көз каранды эмес. Жаратылышка «химия, физиология жана башка табият илимдери кандай мамиле жасоону талап кылса», ошондой мамиле жасоо керек дейт ал. Жаратылыштан идеяларды издөөнүн кереги жок, жаратылышта ар түрдүү тектеги жана ар түрдүү сапаттагы материя бар, алар бири-бири менен кагылышат да, жаратылыштын турмушу башталат» [Чыгарм. толук жыйн., II том, 154-6]. «Кыймыл жөнүндөгү, материя жөнүндөгү түшүнүктөр алардан мейкиндик жана убакыт жөнүндөгү түшүнүктөр алынып салынганда өзүнөн өзү жок болот» [Ошонун өзүндө. X том, 729-6].

Тажрыйба, туюмдар[оңдоо]

Чернышевский үчүн билимдердин негизги булагы — тажрыйба, туюмдар. «Туюм өзүнүн жаратылышы боюнча бир ойго келип түйүндөшкөн ойдун эки элементинин болушун сөзсүз талап кылат: биринчиден, мында туюм жараткан тышкы предмет бар, экинчиден, өзүндө туюу болуп жатканын сезе алуучу жан бар, ал өзүнүн туюп жатканын баамдоо менен өзүнүн белгилүү абалын да сезип-баамдап турат, ал эми кандайдыр бир предметтин абалын сезгенде, албетте, ал предметтин өзү да сезилет» [Ошонун өзүндө. VII том, 280-6].
Жашоонун калыптанышынын белгилүү бир баскычында туюм аң-сезимге өсүп чыгат. Сезимдик жана рационалдык тааным, Чернышевскийдин оюна ылайык, экөө бирге алынганда дүйнө жөнүндө туура түшүнүк берет. Чернышевский теориялык жоболордун акыйкаттуулугу жөнүндөгү маселени практика чечүүгө тийиш деп эсептейт. Ар кандай теорияны текшерүүнүн талашсыз каражаты болгон практика,— деп жазат ал,— бул жерде да бизди жетектөөгө тийиш» [Ошонун өзүндө. 102-6.].

Жашоо тууралуу[оңдоо]

Чернышевский Гегелдин диалектикалык усулун жогору баалаган жана өзүнүн чыгармаларында диалектикалык жоболорду өз алдынча аныктамалаган. Жашоо ал үчүн «күчтөрдүн экиге ажырымдоосу, эки уюлга бөлүнүшү катарында жана бул эки ажырымдык кыймылдын жана өнүгүүнүн булагы катарында» көрүнгөн.
Телолорго ички кыймыл мүнөздүү, ал кыймыл телолордун өз өнүгүшү тарабынан жаралат. Гегелдин диалектикасы Чернышевский үчүн эрежелердин жыйнагы, бул эрежелердин жардамы аркылуу толук жана ар тараптуу изилдөө жүргүзүлүп, предметтин бардык чыныгы сапаттары жөнүндө толук түшүнүк алууга болот.

Социологиялык окуусу[оңдоо]

Чернышевскийдин социологиялык окуусу антропологиялык принципке негизденет. Ал мындай деп жазат: «жашоо-турмуштун кандайдыр бир атайын тармагы жөнүндө айткандарыбыздын баардыгына... адамдын ишмердикке болгон умтулуусу жана анын керектөөсү чагылышып турган натурасы жөнүндөгү түшүнүк негиз болууга тийиш» [Ошонун өзүндө. IX том, 829-6.].

Индивид жөнүндө[оңдоо]

Чернышевский индивид — алгачкы реалдуулук, ал баардык адамдык сапаттарга ээ, ал эми коом өз ара аракеттенишкен көптөгөн адамдардын жыйындысы катарында чыгат дегенге таянат. Чернышевский өзүнүн теорияларында антропологиялык принципти аң-сезимдүү түрдө ишке ашырып, бул критерий теориянын талаптарын адам табиятынын талаптары менен, эч кандай айырмалап бөлбөй, жалпы эле адамдын кызыкчылыгы менен бириктирүү мүмкүнчүлүгүн берет деп эсептейт. Адамдын жаратылышка таандык болгондугу адамдын маңызын, анын иш-аракетке умтулушунун маңызын аныктап турат. Адамдын ыракаттанууга умтулуусу адам жаратылышынын өзгөчөлүгү болуп саналат. Ошондуктан, Чернышевскийдин оюна ылайык, адам өз кызыкчылык-пайдасын көздөйт, ал максат анын иш-аракетине болгон эркин жаратат: адам «өзүнө жаккан ишти иштейт, көбүрөөк пайда, көбүрөөк ыракат алуу үчүн адам азыраак пайдадан, азыраак ыракаттан баш тартууга мажбурлаган максатты жетекчиликке алат» [Ошонун өзүндө. VII том,285-6.]

Позициясы[оңдоо]

Тарыхый процесстерди талдап-түшүндүрүүгө да Чернышевский антропологиялык позициядан мамиле жасайт, адамдын баардык иш-аракеттеринин кыймылдаткыч күчүнүн негизинде кызыкчылыктар менен атайын максаттардын принциби жатат деп эсептейт. Чернышевскийдин «тарых жолу — Нева проспектисинин тротуары эмес, ал жол бүт бойдон чаңдуу, ылайлуу талаалар аркылуу, саздар аркылуу, чытырман токойлор аркылуу өтөт» деген сөзү кеңири белгилүү [VII том, 923-6].
Ал жашоо-турмуштун материалдык шарттарына чоң маани берген, анын сөзү боюнча, ал материалдык шарттар «жашоо-турмушта эң биринчи ролду» ойнойт жана «жашоо-турмуштун башка чөйрөлөрүндөгү бүт дээрлик кубулуштардын түпкү себебин» [III том, 357-6.] түзөт.

Коом прогресси[оңдоо]

Чернышевский коомдун прогрессин илимдин өнүгүшү менен байланыштырса да, ошентсе да ал эгоизм, атак-даңкка умтулуу, жеке керт баштын мүдөөлөрү, догмалар акыл-эске жана жакшы ниетке караганда тарыхый процесстин жүрүшүнө алда канча көбүрөөк даражада таасир берет деп эсептеген. Анын пикири боюнча, тарыхта ушул кезге чейин караңгы стихиялык күчтөр аракет кылып келди.
Чернышевскийдин кыраакылыгы тарыхый процесстин жыйынтыгын жана анын татаалдыгын — адамдардын иш-аракеттеринин натыйжалары таптакыр теңирден тескери болуп чыгарын, ал эми «тыйынга арзыбаган натыйжа миллиондорду чыгымдоо аркылуу жетишиле турганын» акыл-эстүүлүк менен баалоого мүмкүндүк берген, ал мындан коомдун тарыхый өнүгүшүнүн парадоксун көргөн.

Морал концепциясы[оңдоо]

Чернышевский акыл-эстүү эгоизм принцибине негизденген морал концепциясын түзүүгө умтулган. Адамдардын иш-аракеттеринин ар түрдүү себептери адамды тар өзүмчүлдүк маанайда иш кылууга мажбурлайт, бирок адам цивилизациялуу жан болуп калуу үчүн, өзүнүн бактылуу болууга табийгый умтулуусу жалпы адамзат бактысына тоскоолдук кылгандардын бардыгына каршы турганда гана ишке ашарын түшүнүүгө тийиш. Ошондуктан акыл-эстүү адам акыл-эстүү эгоизмдин принциптерин жетекчиликке алып, өзүн өзү курмандыкка чалат.

«Эмне кылуу керек» романы[оңдоо]

Чернышевскийдин этикалык көз караштары «Эмне кылуу керек» романында көрсөтүлөт. Романдын каарманы Лопухов башкалардын урматы үчүн курмандыкка барып, мындай дейт: «Мен өзүмдү курмандыкка чала кое турган адамдардан эмесмин. Андайлар жок, эч ким өзүн курмандыкка чалбайт, бул жалган түшүнүк: сандырак сөз. Өзүңө кандай жакса, ошондой иштейсиң».

Эстетика көз караштары[оңдоо]

Чернышевскийдин эмгектеринде эстетикалык көз караштарды иштеп чыгуулар чоң орунду ээлейт. Ал мында: «сонундук дегенибиз — бул турмуштун өзү» деген позицияда турган. «Реалдуу сулуулук», Чернышевскийдин пикири боюнча, «искусствонун формал сулуулугунан» жогору турат. Эстетикада да Чернышевский антропологизм позициясында турган: «адамдагы жана анын жашоо-турмушундагы сонундукту туюнткан нерселердин» [II том, 13-6.] дал өзү адам үчүн сонундук болуп саналат.

Искусство туралуу[оңдоо]

Искусство реалдуу чындыктан ашып түшө албайт, искусство дегенибиз түп нусканын — реалдуулуктун көчүрмөсү гана. Чернышевскийдин чыгармалары кескин сынчыл мүнөзгө ээ болгон, ошондуктан И.С.Тургенев Чернышевский менен байланыштуу болгон кыймылды нигилизм деп атаган. Аны менен болгон аңгемелешүүдө ал мындай деген: «Сиз, Николай Гаврилович, жөнөкөй жылансыз, ал эми Добролюбов — көз айнекчен жылан (Кобра)».

Филателияда[оңдоо]

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8