Чет өлкөлүк жарандар

Википедия дан

Чет өлкөлүк жарандар – ошол мамлекеттин жарандары болбогон жана өзүнүн башка мамлекеттин жарандыгына таандык экенине далили бар адамдар. Ч. ө. ж-дын укуктук абалдары алар жайгашкан өлкөнүн улуттук мыйзамдары жана түзүлгөн эларалык келишимдер жана макулдашуулар менен аныкталат. Адатта улуттук мыйзамдар Ч. ө. ж-ды бир нече түргө (мамлекеттин аймагында туруктуу жашагандар; мамлекетте утурумдук тургандар; дипломаттык колтийбестикке ээлер; качкындар) бөлөт, алардын ар биринин укуктук абалдары өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. КРде Ч. ө. ж-га мыйзамда аныкталган улуттук режим таралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]