Чоңбашев, Сыдык

Википедия дан

Чоңбашев Сыдык (1897, Маман айылы, Түргөн болушу, Каракол уезди; азыркы Ак-Суу району, «Арашан» совхозу — 1938, Бишкек; сөөгү 1991-ж. кайрадан «Ата-Бейит» көрүстөнүнө коюлган) — Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1909—13-ж. Каракол баштапкы жогорку окуу жайын окуп бүтүргөн.
1913—19-ж. Каракол почта-телеграф мекемесинин кызматкери.
1919—20-ж. Кызыл гвардиячы; Түндүк Жети-Суу, Жаркент фронтторунда; ак казак орустарга каршы Граждандык согушка катышкан.
1919-ж. большевиктер партиясына өткөн.
1921—22-ж. Каракол уездик-шаардык комитетинин төрагасыныи орун басары, төрагасы.
1921—23-ж. Жети-Суу облревкомунун жана облаткомунун мүчөсү.
1924-ж. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу уюшулгандан тартып, округдук Партбюросунун мүчөсү.
1924—26-ж. Пишпек округунун ревкомунун төрагасы. Кара-Кыргыз автономиялуу облустук ревкомунун төрагасынын орун басары, Каракол-Нарын округдук аткомунун төрагасы.
Чоңбашев 1924-ж. партиянын округдук комитетин катуу сынга алат да, ага ишенич жоктугун элге билдирет. Ошондон тартып ал куугунтукка алынат. Ишинен алынып, РСФСР мамлекеттик соодасынын Кыргызстан боюнча башкаруучунун орун басары болуп дайындалат.
1927-ж. Кыргыз АССРинин Суу чарба башкармасынын начальниги, андан соң Москвага окууга кетет.
1927— 30-ж. Москвадагы Сталин атындагы Соода Академиясында, Эл чарба экономикалык институтунда окуп, 1929-ж. Соода Академиясын, 1930-ж. Эл чарба экономикалык институтун бүтүргөн.
1931—34-ж. Кыргыз АССР Госмамлпланынын төрагасынын орун басары, Эл чарба Борбордук комитетинин төрагасы, Жеңил өнөр жай эл комиссары.
1934—36-ж. чарба иштеринде.
1935-ж. партиядан чыгарылган, 1937-ж. камалып, 1938-ж. атылган. Азыркы мезгилде анын ысмы Кыргызстандын тарыхына кайрадан кирүүдө.

Үй-бүлөсү. Урпактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Эстутум. Эскерүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Ал тууралуу адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]