Чоңду Койчуман уулу

Википедия дан

XIX кылымдагы кыргыз ырчыларынын ири өкүлү. Ал 1826-жылы Талас өрөөнүндөгү кушчу уруусунда туулган. Чоңду чыгармачылыгын 13—14 жашында «Манас» айтуу менен баштаган. Ал өз учурундагы манасчылардын баары менен жолугуп, жумгалдык чоң манасчы, ырчы Айтыкенин жанында жүрүп, андан таалим алган. Чоңду акындын ого эле көп нускоо ырлары болгон. Акын көптөгөн айтыштарга түшкөн. Анын Арстанбек, Калмырза, Эсенаман менен айтышканы белгилүү. Чоңду 1912-жылы каза болгон.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чоңду менен Арстанбектин айтышы(жеткиликсиз шилтеме)