Чоң Кайыңды

Википедия дан
Чоң Кайыңды
Мүнөздөмө
Узундугу 30 км
бассейндин аянты 167 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Чоң Кайыңды — Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталынан башталган суу. Чүй дарыясынын сол куймасы. Космонавттар (аянты 2,9 км2) жана Туюктөр (3,0 км2) мөңгүлөрүнөн башталат. Узундугу 30 км, алабынын аянты 167 км2. Көп жылдык орточо чыгымы (аты уйкаш капчыгайдын оозунда) 1,8 м3/сек, эң көп чыгымы 24,6 м3/сек (1945), эң азы 0,26 м3/сек (1938).

Чүй дарыясына жетпей сугат каналдарына бөлүнүп кетет.

Жээгинде Капталарык, Кайыңды кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2