Чоң Кемин

Википедия дан
Чоң Кемин
Мүнөздөмө
Узундугу 116 км
бассейндин аянты 1 890 км²
Суу агымы
Аягы Чүй (дарыя)
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Чүй облусу
Район Кемин району

Чоң Кемин - Түндүк Теңир-Тоодогу суу, Чүй дарыясынын оң куймасы. Кемин районунун аймагында. Күнгөй жана Иле Ала-Тоолору кошулган жериндеги мөңгүлөрдөн башталып, кууш Чоң Кемин өрөөнү аркылуу кеңдик багытта агат. Узундугу 116 км, алабынын аянты 1890 км2.

Ири куймалары: Калмаксуу, Ор-токайыңды, Дөрө, Кашкасуу, Койсуу (сол), Тегирменти, Жашылкөл, Ичкесуу, Жаңырык, Бузулгансай, Каскелең, Коколуу-булак, Алматы, Туюкалматы, Талгар жана башка. Жылдык орточо чыгымы чатында 21,7 м3/сек, эң көбү 83,7 м3/сек, эң азы 7,18 м3/сек. Апрелде кирип, октябрда тартылат. Кышкысын тоңот. Алабында 8 көл (жалпы аянты 0,54 км2) бар. Ирилери: Көлтөр, Челек, Жашылкөл. Сугатка пайдаланылат Жээгинде Кароолдөбө, Кызылбайрак, Шабдан, Кайыңды, Тегирменти, Калмакашуу, Тар-суу кыштагы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2