Чыгыш батыш

Wikipedia дан

Чыгыш батыш – маданий, социалдык, философиялык, руханий-психологиялык системалардын бири-бирин аныктоосунун формасы, адамдын ишкердүүлүгү менен ой-жүгүртүүсүндөгү эки башка түрлөрдүн карама-каршылыгы жана байланышы. Чыгыш менен Батыштын бинардык оппозициясы ар түрдүү каралат. Мисалы, философияда (мистицизм-рационализм), экономикада (агрардык-индустриалдык), коомдо (коллективдүүлүк-индивидуалдуулук), жүрүм-турум эрежесинде (баамдоочулук-активдүүлүк) ж. б.Географиялык тараптан Чыгыш менен Батыштын маселеси байыркы гректер өзүн Чыгыш мамлекети карама-каршы койгондон бери башталат. Кийин европалык мамлекеттердин Азиянын жерлерине соода-сатык, саясий, согуштук, маданий экспонсиясынын жүрүшүндө стереотиптүү «сызыктуу» каршылыктар: руханийликке-практицизм, космоцентризмге-антропоцентризм, монизмге-дуализм айкындалат. Негизинен чыгыш батыштын маселеси европалыктар чыгыш элдеринин өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө аракет кылуусунун натыйжасында пайда болгон, ал эми «востокоцентризм» «европоцентризмге» карата жооп катары жаралган концепция. Философиянын алкагында бул маселени карасак, философия алгач Чыгыш өлкөлөрүндө пайда болуп, кийин Батышка тараган. Орто кылымдарда философиянын борбору кайрадан чыгышка-араб мусулман өлкөлөрүнө өтүп, Жаңы Мезгилде европанын мамлекеттерине өтөт. Санскрипттик адабият Шеллинг, Фихте, Гегель, Шопенгауэр сыяктуу философтордун ой жүгүртүүсүнө чоң таасир кылган. 20-к-дын аягында бардык адамдар ар түрдүү регионалдык, экономикалык, саясий, этномаданий ж. б. жалпылыктардын негизинде диалог же полилог түзүшүп, Чыгыш Батыштын карама-каршылыкташтыруу туура эместигин баамдашты. Бирдиктүү Чыгыш же бирдиктүү Б. жок, алар өз ара бир топ экономикалык жана маданий борборлорго бөлүнүшөт; мисалга чыгыш (Жер ортолук дениздик, Борбордук азиялык, Тынч океандык) же Батыш (Борбордук европалык, батыш европалык, Атлантикалык). Чыгыш Батыштын стереотиби өзүнүн мурунку маанисин жоготуп, азыркы учурда анын ордуна башка оппозициялар: «Түндүк-Түштүк», «Европа-Африка», «Япония-Азия», «АКШ-Латын Америкасы» жана башка орчундуу маселеге айланып бара жатат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9