Чымын

Википедия дан

Чымын (лат. Musca, L. 1758) — кош канаттуулар түркүмүндөгү курт-кумурскалардын жалпы аты. Табиятта кеңири таралган. Алардын көпчүлүгү үйдө, үйдүн тегерегинде жашайт. Айрымдары өсүмдүк, жаныбар жана киши экскременти, тамак-аш калдыктары менен азыктанат. Киши жана жаныбарлардын каны менен азыктанган кан соргучтары да бар. Алар кишиге, жаныбарларга түрдүү жугуштуу ооруларды (бруцеллёз, күйдүргү, туляремия жана башкалар) таратат. Айрым Чымын көз ооруларынын (трахома, эпидемиялык конъюнктивит жана башкалар) козгогучун жугузат. Чымындын айрым түрү (мисалы, сайгак) жумурткасын тери алдына тууйт.

Үй чымыны (Musca domestica).

Андан чыккан личинкалар алынбай калса дененин жумшак тканын сөөккө чейин оюп жеп жиберет. Мында дененин жабыркаган бөлүгү сезгенип, канап гангренага айланат . Үй Чымыны, тарпчыл Чымын жана башкалар тамак-аш (сүт, эт, нан жана башкалар), анын калдыктары, кишинин, жаныбарлардын заңы жана башкалар менен азыктанып, ага конуп, тамак-ашты түрдүү оорулардын (туберкулёз, дизентерия, ич келте, холера жана башкалар) козгогучтары менен булгайт.

Чымындын жугуштуу ооруларды таратуусун алдын алуу максатында негизинен эл отурукташкан жайларды жакшыртуу, тазалыкты сактоо боюнча иштер жүргүзүлөт. Ал үчүн тиричилик таштандыларын, тамак-аш калдыктарын жабык идишке чогултуп, убагы менен алынып кетүүсүнө көңүл буруу зарыл. Оорулуунун какырык-түкүрүгүн ачык койбой, үйдө, өнөр жай ишканаларында эшик, терезени тор менен калкалоо, тамак-ашты ачык калтырбай жабык идиште сактоо талапка ылайык. Чымындын личинкаларын жоготуу үчүн 0,2% трихлофостун суудагы эмульсияг сы, 0,5—0,1%түү карбофос, 10%түү преолин колдонулат. Чымынды кырып жок кылууда атайын дарыга сиңирилген жабышкак кагаз же аэрозолдор (дихлофос) жана башкалар пайдаланса болот. Канализациясы жок дааратканага хлордуу акиташ, гексахлоран жана башкалар себилет.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

чымындын канча козу бар

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8